“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Мектептин алдыңкы музыка мугалими, “Эл агартуунун отличниги” Мүдүнов Жумабек агай

16 Апрель 2017 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны: 83

— Саламатсызбы агай? Азыр сиз мыкты мугалим, балдарга ата, неберелерге чоң ата, таята болуп отурасыз. Бактылуу карылыкка жеткиче кандай кыйынчылыктарды басып өттүңүз?

— Бактылуулукту ар ким ар кандай түшүнөт. Кээ бири байлыгын, кээ бири бийлигин айтат. Окуткан бардарың ийилип салам берип, “Агай” деп турушса, иштеген кесиптештериң сага сый-урматын көрсөтүшүп, бир жерден иштеп, ошол жерден көгөрүп, элиңе эмгегиң сиңсе ошону мен бактылуулук деп эсептейм. Карылыкка барыбыз эле жетебиз, бирок бактылуу карылыкка жетүү оңой эмес. Жетүү үчүн талыкпаган эмгек, өжөрлүк, кажыбас кайрат керек. Чыдамдуу, көтөрүмдүү болуп, кыйынчылыктарды жеңе билсең, сен бактылуу карылыктын даамын татасың.

— Балалык кезиңизди эстегенде көз алдыңызга эмнелер тартылат? — Биздин бала кез союз мезгилине туш келди. Ал убакта окучулардан баштап, карыларга чейин жалпы элге жардам берчүбүз. Чөп чабыкка чыкчубуз, сакмалга, кыштоого барып, жардам берчүбүз. Ошол мезгилде элдин жашоого болгон көз караштары таптакыр башкача эле. Ынтымактуу, биримдиктүү, элдин камын ойлоп жашашчу. Менин балалык кезим элге жардам берүү менен өттү десем болот. Эң жакшы учурга туш келгенине сыймыктанам.

  • Мурун Нарындагы театрда иштечүсүз. Мугалимдикке келгениңизге эмне себеп болду?
  • — Ал убакта көп эле сабактардан мугалимдер жетишчү эмес. Кыдыралиев деген киши областтык билим берүүнүн жетекчиси болчу. Чоң окуу жайды бүтүп келгенден кийин мени Тогуз-Тороо районунун Атай деген айылына жиберишти. Ошентип Атай мектебинен биринчи эмгек жолумду баштадым. Жыл сайын жазгы фестивалдар болчу. Ошондо Тогуз-Тороо районун фестивалга даярдап келдим. Ошол кезде Жумамүдүн Шералиев жетекчи болчу. Ал киши менин аккордеон черткенимди көрүп чакыртып: “Сен аккордеонду жакшы тартат экенсиң, сендей окууну бүтүп келген, таланттуу музыканттар бизге абдан керек. Келип иштебейсиңби?” — деп сунуштады. Майдын аягында барып музыкант болуп иштеп калдым. Ал жакта 10 жыл эмгектендим. Чоң-чоң артисттер Бакирдин Алиев, Капар Медетбеков, Салипа Чечейбаева, Тамара Жумакаевалар менен бирге иштедим. Бир жылы музыканттардын конкурсу болуп, мен алдынкы орунду алдым. Ошондо мени “Алтын фондуга” жазганы тандап алышты. “Алтын фондуга” жазылган нерсе түбөлүккө сакталып калат. Эки чоң артисттибиз С.Чечейбаева жана Т. Жумакаева болуп барып, мен аккордеон тартып берип, фондуга жазылып калганбыз. Ал кезде 28 жашта элем, ошол жазылган нерсе азыркыга чейин көрсөтүлүп турат. 1986-жылы өзүмдүн айылыма келип, мектепте мугалим болуп кирдим. Быйыл эмгектенгениме 45-жылга кетти.
  • — Көп мектептерде чыныгы музыкант жок. Биздин мектеп сиз менен сыймыктанат. Ар бир кечелерибиз сиздин жардамыңызсыз өтпөйт. Мына ушу эмгектериңиз жетекчилик тарабынан бааланып турабы?
  • — Менин мүнөзүм ушундай бирөөгө доомат арткым келбейт. Чындыгында биздин район боюнча билими бар музыкант өтө аз. Кээ бир мектептерде жокко эсе. Райондук, өрөөндүк кароо-сынактарда көбүнчөсүн мен аспаптарды чертип берем. Ошондо ар бир мектептин жетекчилери ыраазычылыгын билдирип, жылуу сөздөрүн айтып, баалап турушат. Мен ошого эле ыраазы болом. Сенин жасаган ишиңе ыраазычылыгын билдирип, жакшы сөздөрүн айтканы эле мага чоң сыйлык.
  • — Мугалимдин ак эмгегинин акыбети канткенде кайтат?
  • — Мугалимдик кесип бул — көп жылда барып мөмөсүн берген кесиптердин бири. Мугалимдин окуткан балдары чоң окуу жайды бүтүп, бир кесиптин ээси болуп, элдин көзүнө көрүнүп, мектебине, айылына жардамдарын тийгизе баштаганда мугалимдин эмгегинин үзүрү көрүнө баштайт. Ошол балдар да агай-эжелеринин билимин, тарбиясын унутушпайт. Мына ошондо гана мугалимдин ак эмгегинин акыбети кайтат деп айта алам.
  • — Сырттан караган адамга музыка, сүрөт, дене тарбия сабактары оңой көрүнөт. Музыкадан ырдатып коюп отура бересиң да деп айтып калышат. Чындыгында музыкадан сабак берүү оңойбу?
  • — Баардык нерсенин, ар бир жумуштун кыйынчылыгы бар. Мурда союз мезгилинде музыка сабагы жумасына эки жолу кирчү. Китептер менен толук жабдылчу. Окуу программалары дагы республика боюнча бир типте эле. Музыкалык каражаттар да толук болчу. Союз тарагандан кийин музыка сабагына көп көңүл бурулбай калды. 4-класска чейин китептер келгенине бир эле жыл болду. Жогорку класстар үчүн китептер жок. Бирдиктүү да окуу планы жок. Жыл сайын мугалимдердин чогулушунда көрүнүктүү инсандарды таанытып, чыгармаларын ырдатабыз деп сүйлөшүп, ошонун негизинде сабак өтүп келебиз. Сырттан караган адамга оңой сезилсе керек, бирок атайын окууну окуп келбеген адам сабак бере албайт. Өзү аспаптарда ойной албаса, өнөр адамдарын тааныбаса кантип балдарга үйрөтөт.
  • — “Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул” – деген сөз бар эмеспи. Сиз кайсынысына киресиз?
  • — Атам Мүдүнов Маадан кыргыз тилчи мугалим болгон. Ушул мектепте көп жыл жетекчилик кызматтарда иштеген. Эл агартуунун отличниги жана бир топ Ардак грамоталардын ээси. Мен атамдын ордун жоктотпой ушул мектепте иштеп калганыма сыймыктанам. Атама тең болбосом да, жакындаган уул болдум деп ойлойм.
  • — Балдарыңыздан атанын жолун жолдогондору барбы?
  • — Балдарымдын баары эле музыкага шыктуу. Мектепте уулум ырдап жүрдү. Үйдө бардык эле аспаптар турат. Бирок кыстаган менен болбойт экен, уулум спорт тармагына ооп кетти. Ал эми мугалимдикти кесип кылганы жок. Бир кызым актриса жагын окуп, азыр театрда актриса болуп иштеп жатат.
  • Маектешкен: Курманова Мунар.