“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын тургундары Жумадилов Амангелди жана Жумадилов Эсенгелди экономика илимдеринин доктору болушту.

16 Апрель 2017 жыл 20:36
Көрүүлөрдүн саны: 75

Баланын ийгилиги ата-эненин бактысы.

Учкун айылынын тургундары Жумадилов Амангелди жана Жумадилов Эсенгелди экономика илимдеринин доктору болушту. Бул сүйүнүч жалгыз гана алардын эмес бүткүл Учкун элинин сүйүнүчү жана сыймыгы болду. Мына ушундай эгиз эр азаматтарды жарык дүйнөгө алып келген, бактылуу эне Айдакеева Бактыгүл эженин кубанычын тең бөлүшүп, маек курдук.

IMG_3120

— Саламатсызбы? Азыркы убакты сиздин сүйүнүчүңүздө чек жок. Кубанып, толкунданып турасыз. Мунун себеби балдарыңыздын жаш кезинде жогорку даражага ээ болуп жаткандыгы. Бул тууралуу маалымат берип кетсениз. IMG-20170411-WA0000

— Туура айтасың аябай кубанып турам. 13 жылдан бери “Манас” университетинде окуп, бирөө эмес экөө тең жактап жатышат.  Мурун кандидаттык диссертациясын жакташты эле, жакында эле докторлук диссертациясын жакташты. Эне үчүн баланын ийгилиги өзгөчө кубанычтуу. Өзүңдүн ийгилигиңе мынчалык кубанбайт экенсиң, баланыкы өзгөчө болот экен. Адамдардан жакшы сөз укканда, жакшы ойлорун айтканда аябай толкундандым. Себеби комиссияда олтурган агайлары аябай жакшы сөздөрүн, тилектерин билдиришти. “Кыргызстанда биринчи жолу эгиз балдар, бир убакта, бир багытта жакташты. Биринин темасын экинчиси толуктап турду. Мындай нерсе чанда гана кезигет”,- деп айтышты. Ошондо толкунданып атасын ойлодум. Атасы болгондо азыр кандай гана кубанат эле .

— Уулдарыңыз бала кезинде кандай эле? Жаны тынбаган тентек балдар беле же ошондо эле өзгөчөлөнгөн аракетчил беле?

— Балдарымды өтө тентек эле деп айта албайм. Бирок бала болгондон кийин кыймылдуу болушат да. Ар кандай нерселерге кызыгышчу. Ойлогон нерсенин сөзсүз аягына чыкканга аракеттерин жазашчу. Баладай болуп бейчеки ойноп кетишчү эмес. Ал кезде атасы жетекчи болуп, үйгө коноктор көп келет эле. Алар конок кеткиче күтүп отурушуп, кеч болуп кетсе да сабактарын жазышып анан жатышчу. Окубай, тапшырма аткарбай калган күнү болчу эмес. Аракетчил болушчу, мына ушул мүнөздөрү калыптанып, азыркы убакка чейин аракеттенип келе жатышат.

— Ар бир ата-эненин тилеги эмеспи балдарынын жакшы чыгышы, бир кесипке ээ болуп, элине кызмыт кылышы. Бардык ата-эне сизге сыймыктанып, суктанып жатышса керек. Бул бактылуулуктун сыры эмнеде?

— Мунун сыры балага туура тарбия бериш керек жана эмгекке үйрөтүш керек. Эмгек болбосо эч нерсеге жетише албайсың. Үйдө баары эле жетиштүү болду, бирок мен ошондой болсо да балдарыма огородду иштеткенге көнүктүрдүм. Баарыбыз эртең менен саат алтыда туруп, өздөрүнө ылайыктуу иштерди бөлүштүрүп берет элем. Жер-жемиштерди отоп, огородубуз таптаза, жакшынакай болуп турчу. Кээ бир адамдар айтышчу: “Эмне эле балдарыңды эрте тургузуп, жаныңды кыйнап жатасың ”– деп. Эртең мененки аба башкача таза аба да. Ошондон куру калбасын дечүмүн. Анан кандай эмгек менен нан табылат,кандай эмгек менен ата-энеси багып жатат, эмгектин баркын билишсин, түшүнүшсүн деген оюм бар эле. Кудайга шүгүр оюм ишке ашты. Ар бир балам эмгектин баркын билет жана эң негизгиси эненин баркын билишет. Мен ошого сыймыктанам.

— Колуңуздан баары келет. Бакчаңыз жер-жемишке, үйүңүз гүлгө толгон. Аны менен катар эле тамактын түрүн жасап, салат, компотторду да жылда чаптап келесиз. Мунун баарын кайдан үйрөндүңүз? Баарын өз орду менен жасаганга кантип жетишесиз?

— Бул биринчиден зарылчылыктан пайда болду го деп ойлойм. Мен башынан эле жандуу дүйнөнү жакшы көрөм. Гүлдөрдү, бак-дарактардын жапжашыл болуп турганын. Бул нерсе балдарыма да тарбия болсун деп ойлодум. Андан сырткары да үйгө конок көп келгендиктен, ар бирине даяр болушуң керек. Ал убакта азыркы кездегидей дүкөндөрдө баарын сатчу эмес. Ошондо бирөөдөн көргөн нерсемди сурап, китептерден издеп окуп, кичинеден жазап отуруп үйрөндүм. Бир жагынан балдарыма витаминдүү тамактардан берсем деген оюм бар болчу. Оюм ишке ашып, балдарыма да, келген конокторума да керектүү тамак-аштарды даярдап алганды өздөштүрүп кеттим. Убакытты туура пайдалансаң, баардыгына жетишесиң. Бул мага адат болуп калды. Жазамайын олтура албайм.

— Эки тизгин, бир чылбырды кармап, бир үйдүн түндүгүн көтөрүп келесиз. Балдарга ата да, эне да болуп, акыл-насааттарыңызды айтасыз. Бул түйшүк оңойго турбаса керек?

— Аябай эле кыйынга турат. Атанын тарбиясы, сөзү башка да. Бул чоң жоопкерчилик болуп саналат. Туура кылып жатамбы деп көбүрөөк ойлонуп, санаага батасың. Атасы барда көп нерсени өзү чечип, бир нерсени кылаарда ага кеңешип, анын чечими менен иш кылуу оңойго турчу. Бул жашоодо бир өкүнүчүм бар. Балдары үчүн болгон эмгегин жумшады эле, эми ушул балдарынын жакшылыгын көрөрдө, алардын төрүндө олтурарда кетип калды. Турмушта ар кандай нерселер кездешет экен. Бири жакшы жолго түрттү, бири сын көз менен карашты. Эң эле жакын адамдарың кыйытылган сөздөрдү айтышат экен. Ошолорду көрүп, угуп чыйралат экенсиң.

— Окурмандарга кандай каалоо-тилек, кеңештериңизди айтасыз?

— Эне катары, педагог катары ар бир эне балдарына татыктуу тарбия беришин каалайт элем. Себеби балдар сенин баскан-турганыңды, сүйлөгөнүңдү, жасаган жумушуңду көрүп тарбияланат, ошол нерседен таасир алат. Карыган кезде дөөлөттүү өмүр сүрүш үчүн балдарга татыктуу тарбия берели демекчимин. Байлык, бийлик, кызмат бирде келип, кетчү нерсе. Жалгыз гана бар байлыгың балдарың.

Маектешкен: Курманова Мунар.