“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Жаш болсо да “Жыл мугалим-2017” кароо сынагына катышып, 10-15 жыл тажрыйбасы бар мугалимдер менен ат салышкан, биздин чыгармачыл мугалимибиз Рахматова Наргиза бул сынактан 3-орунду ээледи.

16 Апрель 2017 жыл 20:55
Көрүүлөрдүн саны: 276

IMG_2802

— Саламатсызбы? Жеңишиңиз кут болсун! 2015-2016-окуу жылында “Жаш мугалим-2016” кароо сынагына катышып, Гран-Прини алдың эле. Удаа эле “Жыл мугалими” сынагына катышууңа эмне себеп болду? Канча жылдык стажы менен катыштың?

— Рахмат! Былтыр “Жаш мугалимге” катышып, Гран-Прини алганымда райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Исакова Бурулсун эже “Жыл мугалим” сынагына катышуумду сунуштаган эле. Өткөндөгү семинарда да атайын мени издеп келип сабагыма катышкан болчу. Жыйынтыгында жакшы анализдерин берип, “республикага чейин алып чыгам” дегенин айтышты. Ошентип Исакова Бурулсун эже тарабынан сунуш болгондуктан мен катышып калдым. Эмгек стажыма 4 жыл болду.

— Комиссиянын төрайымы өзү сени катыштырып, республикага чейин алып барам деген экен. Анда эмне үчүн 3-орунду ыйгарып койду?

— Күчүмдүн бардыгынча даярдангам. Мага 3-орунду ыйгарганынын себеби үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу болду. Анткени райондук турга барарда декреттик өргүүдө болуп калам. Ошондуктан 3-орунду бергенин түшүндүрүп кетти. Мен бул орунга эч өкүнбөйм. Анткени Исакова Бурулсун эженин ушуга чейин ишеним көрсөткөнү мен үчүн жеңиш. Алдыда дагы далай сынактар бар. Кийинки сынактарга мен катышуу үчүн эмес, буюрса жеңиш үчүн катышкым келет.

— Орус тилинен да, англис тилинен да сабак бересиң. Эки тилден сабак берүүдөн кыйналбайсыңбы? — Эки тил бири-бирине айкалышып келет. Орус тилин билбеген адам англис тилин үйрөнө албайт. Эки тилдин сүйлөмдөрүнүн структурасы да бирдей. Ошондуктан мен жалаң англис же орус тилин эле бере алам деп айта албайм. Анткени экөө тең мага аябай жакын.

— Эки жыл удаа сынакка катыштың. Кимдер сага көмөк көрсөтүп, колдоп турушту?

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып көрсөтмө куралдарымды күнү-түнү жан дили менен жасап берген Анарбек агайыма чоң ырахматымды айтам. Агайымдын эмгеги бааланып, эл алкышына татыктуу болушун каалайм. Сабактарыма жардам берген насаатчы эжем Жумалиева Кумар эжеге жана усул жагынан жардамын көрсөткөн Капарова Расида эжеген ыраазычылыгымды билдирем.

Даярдаган:Курманова Мунар.