“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Эшбай Токсобаев мектебинин кабарчылары смартфон утушту

5 Май 2017 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны: 328

Нарын районуна карштуу Учкун айылынын Токсобаев орто мектебинин кабарчылары 4-май күнү “смартфон сынагынын” жеңичүүлөрү болуп, смартфон өз ээлерин тапты. Жеңичүүлөр KLOOP.KG медиа парталынын сынагына катышышкан. Смартфондун баасы 200доллардын тегерегинде.

Аталган сынакка дээрлик бардык окуучулар катышкан. Аладын ичинен Эшбай Токсобаев мектебинин үч окуучусу смартфон утуп алышты. Негизинен көп класс  топтогон окуучулар жеңичүү болду.

“ Алмаз байке тренинг өтүп анын сынагына катышып калдым. Негизи сынакка ондон ашык жаңылык жаздым. Алардын ичинен мектеп окуучусу муздан айкел жасаганы жөнүндө жаңылык жазып, көп класс топтоп жеңичү болдум. Сынакка жазам деген окуучулар көп эле болду. Мени менен Рустам, Темурлан, Ильгиз, Эгемберди катышышкан”,-деди Бекмырза Нурлан уулу.

Бегимай Бекмуратованын окуучусу Гүлзар Казиева жазаган жаңылыгы сынакка катышуусуна байкеси жардам берген. Мындан кийин смартфон менен пайдалуу жакка пайдаланып, айылдын көйгөйлү жаңылыктарын жазам дейт:

“Мен сынакка чоң апам жөнүндө жаңылык жазгам. Ал жаңылык 600дөн ашык класс топтоду. Сынакка катышуума Найзабек байкем жардам берди. Сынакка бешден ашык жаңылык жазгам. Уттум деп укканда аябай сүйүндүм, сүрдөдүм. Эми уткандан кийин көп жанылык жазам деп ойлойм. Керектүү жакка пайдаланам. Ушу смартфон утканыма Найзабек байкеме ыраазычылыгымды билдирем”, -дейт жаш кабарчы Гүлзар Казиева.

Найзабек Мукамбетовдун окуучусу 1700 класс топгон Жанара Баялиева смартфон утуп алды. Анын жазган жаңылыгы коомдук тармактарда көп кызыгууну жараткан.

“ Мен бир жылдан бери смартфонду күтүп жаткам. Буюрса тилегим орундалды. Телефонду эми жакшы жактарга гана пайдалануу керек. Эми ноудбуксуз эле жаңлыктарды үйдөн жазууга жакшы шарт болду”,-дейт Баялиева.

Даярдагандар: Гүлзар Казиева, Калыс Төрөгелди уулу, Саламат Мажик кызы.

Редактору: Бегимай Бекмуратова.