“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Германияга барып келди

5 Май 2017 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 81

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев билимин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында апрелдин 22синен 29уна чейин Германияга барып келди.

Касымакун Мамырбаев 2017-жылдын башында айыл өкмөт башчысы болуп шайланган. Ал ушул жылдын апрель айынын 22синен 29уна чейин Германия мамлекетинин Мюнхен шаарына барып, билимин өркүндөтүп, тажрыйба топтоп келген.

Бул иш сапарга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жалпы 15 мамлекеттик кызматкер: анын ичинен Кыргызстандан алты, Казакстандан үч, Тажикстандан алты адам барган.

“Бир жумалык сапардын эки күнү жолго кетти. Биринчи күн Мюнхен шаарын кыдырууга, экинчи күн Аузбурк шаарынын мэриясына, үчүнчү күн “Ханзайдель” окуусуна, төртүнчу күн таштанды чыгарган жерге, ал эми бешинчи күнүбүз немецтердин өрт өчүрүүчү техникаларын барып көрүүгө кетти”, — деп токтолду Мамырбаев.

Айыл өкмөт башчысы президенттик академияда бир жыл окуп, ийгиликтүү аяктаган. Ошонун негизинде Германия мамлекетине барып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мамырбаевдин айтымында, Германияда да айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш деген система бар. Негизинен биздин мамлекет менен башкаруу системасын окшоштурса болот дейт ал.

“Германиянын бир катар айыл өкмөттөрүн кыдырып, жетишкен ийгиликтери менен тааныштык. Чындыгында бул мамлекеттен көптөгөн тажрыйба топтодум”, — деди ал.

“Менин айыл өкмөт болгонума 3 айдын жүзү болду. Бул убактын  ичинде чоң жумуштарды деле баштай элекпиз. Бирок  эл көйгөйлөрүн четинен чече баштадык десем болот. Керекке жарай турган долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз, буюрса ишке ашса экен деген жакшы ойлорубуз бар. Өзүңүздөр билгендей, учурда биз Учкун айылынын суу маселесин чечүү  менен алектенип жатабыз. Жакынкы убактарда айыл тургундары суу менен камсыз болуп калат деген ойдобуз”  деп Касымакун Мамырбаев.

Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган мамлекеттик кызматкерлердин Германияга сапарынын бардык чыгымдарын “Ханзайдель” уюму каржылаган.

Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы