“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын алты окуучусу түрк лицейине кабыл алынышты

5 Май 2017 жыл 7:54
Көрүүлөрдүн саны: 124

Эшбай Токсобаев мектебинин 6-классынан алты окуучу тестирлөөнүн негизинде кыргыз-түрк лицейине кабыл алынышты.

Тестирлөөгө Учкун айылынан жалпы 13 окуучу барып, алардын ичинен 2-баскычка жети окуучу өтүшкөн. Биринчи баскыч 11-апрелде Нарын районунун Куланак айылында өтсө, 2-баскыч Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинде 22-апрелде өткөрүлгөн. Анын натыйжасында учкундук алты окуучу кыргыз-түрк лицейине кабыл алынган. Алар: Калыс Төрөгелди уулу, Адинай Талантбекова, Гүлбарчын Руслан кызы, Аалы Маданов, Амандык Табылды уулу жана Айсулуу Бактыбек кызы.

Кыргыз-түрк лицейине өткөн окуучуларынын айтымында, 1-баскычта предметтик сынактарды тапшырышса, 2-баскычта логикалык суроолор берилген.

“Кыйынчылыктар болду. Бирок тест жеңилирээк болду деп ойлойм. Негизи өтүп кетем деп ойлогом. Окуума ата-энем каршы эмес. Бирок акча каржат жок. Бюджет болсо окумакмын”, — деди Адинай Таланбекова.

Ийгиликке жеткен дагы бир учкундук окуучу Калыс Төрөгелди уулу тесттин жыйынтыгын укканда сүрдөп, кубанганын айтат.

“Контракты 130 миң сомго чукул экен. Эми окубайм го. Себеби, лицейде билим алуу акысы кымбат экен. Билбейм, баары ата-энемден көз каранды. Мен келечекте журналист болгум келет”, — деп айтты Калыс.

Калыстын апасы Нурай Алдаярова уулунун түрк лицейге өткөнүнө кубанып, бирок окутуунун баасы кымбат болгондугуна байланыштуу түрк лицейине бере албасын айтат.

“Менин уулум түрк лицейге өттү. 1-турда коңшу айылыбыз Куланакка барып, жогорку балл менен өтүп келди. Өзү эле даярданды. Кантрак 127 миңдин тегерегинде экен. Эгерде контракты арзан болсо баламды окутмакмын”, — деп бөлүштү Алдаярова.

Айыл тургуну Нурзат Солпуеванын кызы да түрк лицейине кабыл алынган, бирок азырынча кызын окутуп-окутпасы боюнча чечим кабыл ала электигин айтат.

“Менин кызым 1-класстан бери жакшы окуйт. Ошол себептен түрк лицейине барып өзүнүн билим сапаттын текшерип көрөм деп баргам. Өтөм деп деле ойлогон эмес. Кудай буйруп өтүп кетиптир. Бирок контракты кымбат экен. Айыл жергесинде табуу кыйын эле го. Билбейм эми”, — деди Солпуева.

Даярдагандар: Казиева Гүлзар,Төрөгелди уулу Калыс.

Редактору: Бегимай Бекмуратова