“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын кампасы курулганына 40 жылга жакын убакыт болду

5 Май 2017 жыл 16:42
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын районуна каршатуу Учкун айылындагы кампа 37 жыл мурда салынган. Бул туурасында колхоз таркаганга чейин кампада көп жыл иштеген Эркинбек Карынбаев менен маек курдук.

Саламатсызбы? Кампа качан салынган жана ал убактан бери кандай иштеп жатат?

— Кампа 1980-жылдары салынган. Мен колхоздо өмүр бою сугатчы болуп иштеп келгем, сугат бүткөндө келип, кырмандан эгин тазалачубуз. Ошондо дыйкан чарба толук тарап бүтө элек кезинде бул жерге эгиндер коюлчу. Ар ким өзүнчө болуп кеткенден кийин коюлбай калды, ар ким үйүндө коёт. Азыр эки гана кишинин эгини турат, жарым тоннадан. Жана мектептин буюмдары, эгин тазалагыч турат. Эгин тазалагычты учурда эч ким пайдаланбайт.

Кампаны кайра ишке киргизүү боюнча кандай ойдосуз?

— Колхоздогудай кылып, эгиндерин элдер бул жакка койсо жакшы эле болмок. Мурун баары эгиндерин бул жакка коюп, абдан жакшы шарт  тузүлгөн эле. Эптеп ар ким көрүнгөн жакка койбой кампа болсо элге деле жакшы болмок. Ал эми мисалы кампанын ичинде турган эгин сапыргычтын пайдасын эч ким көргөн жок, иштебей эле турат. Элден сурасам айтышты эгин сапыргыч бүтүн, оң эле деп. Ошол ар ким сапырбай, уюштуруу иштери жүрсө, эл чогулуп келип бир жерге үйсө деле болот эле да.

Негизи бул ишти ким көзөмөлгө алышы  керек?

— Албетте, айыл башчы элге жыйналыш өтүп, баарын түшүндүрсө болмок колго алып.

Кампанын мектептин жанында болушу ыңгайсыздык жаратпайбы?

— Эгинди күзүндө сапырыш керек да, чаң чыгат, шамал күн батыштан болуп, мектепти каптайт бул жер ыңгайсыз болуп калат. Кампаны мектепке эле өткөрүп бериш керек.

Бөлөк жакка кампаны көчүрсө болобу?

— Ооба, бөлөк жакка кампа курсабы деген ой бар да. Мен каалайт элем айылдын аягында кыр турат, ошол жак ыңгайлуу. Же болбосо элдин суроо-талабы менен эгин тазалап туруп, ушул жерге койсокпу дешет Куланактыкындай.

Кампанын кандайдыр кемчиликтери барбы?

— Кампанын кемчиликтери мынакей, ар кими үйүндө эгинди кайсы жакка коюуну билишпейт, эгин сактаганга жер жок, мына кемчилиги ошол эле. Азыр мен бул эгиндерди кампадан сатып алып жатам үрөөнгө. Азыр эки гана кишинин эгини бар экен, ошолордон бир мүшөгүн 800 сомдон сатып алдым, комбайндан чабылган боюнча экен, тазаланбаган. Азыр эки тонна гана эгин турат башка жок.

Кампаны көчүрүү боюнча атайын жыйналыштар болду беле?

— Кампаны көчүрүү боюнча эч кандай жыйналыш, эч качан боло элек. Кудай буюрса мен дагы түшүнгөн адамдарга айтам көчүрбөйлүбү деп. Өзүмдүн көптөн берки ойлогон оюм ушул да. Баары эле туура көрөт болуш керек.

Маектешкен: Жанара Баялиева