“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Ээр чапкан Жолдош Мусаев

5 Май 2017 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны: 276

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Жолдош Мусаев ээр чаап, жыгач устачылыгы менен алектенет. Анын өнөрканасына баш багып, маектешип келдик.

Саламатсызбы? Канча жашыңыздан баштап бул өнөрдү аркалап келе жатасыз?

— Ээр чабуу ата-бабадан бери келе жаткан өнөр эмеспи. Буга чейинки усталардан жана өзүмдүн атаман да калган өнөр болуш керек. Кыргыздын улуттук буюмдары унутта калбасын деп чаап келе жатам.

Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?

— Атам чоң уста киши болгон. Ошол атамдан калган өнөрдү унутта калтырбай мен улап келе жатам.

Бир ээрди канча убакытта жасап бүтөсүз? Ушул убакка чейин канча ээр чаптыңыз?

— Бир ээр көп убакытты талап кылат. Бир күндө чаап бүтүрүү эч мүмкүн эмес. Жыгычты өз калыбына келтирип чаппаса, формасы бузулуп калат. Жыгачты как кургатыш үчүн  тындырып-тындырып отуруп жасаш керек. Сыртына капталган териси төөнүкү, уйдуку же топоздуку болушу керек. Башка малдын терилери жарабайт. Терини да ийге келтиргенде бир топ убакыт сарпталат. Керек болсо бир ээрге бир жылдай убакыт кетип калат. Ошондо гана ээр түбөлүктүү болот. Чаап бер деп келген кишилерге жасап жүрөм. Учурда кыргыз ээр унутулуп, орус ээрге ооп бара жатышат.

Ээрлерди сатасызбы? Баасы канча турат?

— Жок, сатпайм. Атайын чаап бер деп сурап келген кишилерге эле жасап берем.  Көбүнчө белекке берем. Илгери бир ээрдин баасы бир тай болчу. Азыр болсо бир ирикке туура келет.

Балдарыңыздан сиздин жолуңузду жолдоп, кол өнөрчүлүк кылганы барбы?

— Кубаныч деген уулум  жыгач, темирлерди кармалап бир нерселерди жасап калат.  Шыктуусу эле ошол го деп ойлойм. Ким билет кийин башка балдарымдан да менин жолумду жолдогону чыгып калар.

Азыркы жаштарга эмне дээр элеңиз?

— Жаштар илгерки ата-бабалардан калган буюмдарды унутта калтырбай жасап келишсе дээр элем.  Ээр, боз үй, соку, сок билек, жыгач буюмдарын жасашып, ушул нерселерди колдонушса жакшы болот эле. Анткени мунун баары унутулуп келе жатат.

Үйрөтүңүз деп келгендерге үйрөтөт белеңиз?

— Үйрөтөм, эмнени аямак элем, ушул нерсени үйрөнүп, мындан ары улантып кетишкени жакшы да.

Маектешкен: Мунар Курманова