“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда кийим тигүү цехи ачылды

5 Май 2017 жыл 15:00
Көрүүлөрдүн саны: 102

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну 13-мартта жумушсуз айымдарды иш менен камсыз кылып, кийим тигүүчү цех ачты. Учурда цехте алты жумушчу иштеп жатат.Цехти айыл тургуну Гүлнура Жунушалиева ачкан. Ал керектүү материалдарды Бишкек шаарынан алып келээрин айтат. Жумушчулар бычылып келген кийимдерди машиналар менен тигип сатыкка чыгарышат. Жунушалиева келечекте цехти мындан да чоңойтууну пландап жатат.

“Айыл жери болгондон кийин үйдө жумуш жок. Ошондуктан үйүндө бош отурган аялдарды жумушка алдым. Азыркы шартта алты тигүүчү машина, ошондой эле алты жумушчу айым иштейт. Мен бул кесиптин окуусуна деле барган жокмун, өзүмдүн эле шыгым болсо керек. Бишкекте иштеп жүрчүмүн. Бул цехти ачканга менин үй-бүлөм көмөк көрсөттү”, — деди цехтин жетекчиси.

Алар Бишкек шаарынан бычылып, даярдалып келеген кийимдерди тигип, сатыкка чыгарышат. Учурда мектеп формаларын, аялдардын кийимдерин, шымдарды тигүү менен алектенип келишет.

Буга чейин Учкун айылында аялдар өзүлөрүнүн үйлөрүндө табыштама менен кийимдерди тигишчү. Айылда мындан тышкары жүн иштетүүчу цех, курут чыгаруучу цех иштеп, учкундуктарды жумуш менен камсыздап келет.

Даярдагандар: Наргиза Жолдошбек кызы, Саламат Мажик кызы.

Редактору: Бегимай Бекмуратова