“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда тургундардын демилгеси менен көчөлөр оңдолууда

5 Май 2017 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 102

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ички көчөлөрүн оңдоо 2016-жылы башталып, учурда көчөлөрдүн жарымы оңдолду. Көчөлөрдү оңдоого тургундар өзүлөрү акча чогултушуп, иштеген акысына ПРООНдун Азык-түлүк программасы менен ун, май азыктары берилип жатат.

Айыл башчы Жумакадыр Исмаиловдун айтымында, келген азыктар жетишүүсү начар үй-бүлөлөрдүн иштеген акысына берилген. Быйыл азыктар берилбей калгандыктан, иштеген адамдардын саны дагы аз болгонун айтат ал.

«Эми айылда болжол менен 20 көчө бар болсо, анын жарымы оңолду. Бул элдин жардамы менен ишке ашууда, акча каражатын тургундар өзүлөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарышкан. Мурдагы жылы жакыр үй-бүлөлөрдүн иштеген акысына азыктар берилсе, азыр андай жардам токтоп калган. Ошол себептүүбү иштейли деген тургундарыбыздын саны кыскарып баратат окшойт», — деди Исмаилов.

Айыл жолдорунун көбүнүн абалы жакшы болгондуктан, аң-чөнөктөргө шагыл төгүлүп түздөлүүдө.

«Айылыбыздагы жолдор такыр тамтыгы чыккан, жараксыз жолдор эмес. Чуңкур жерлерге шагылдар төгүлүп, жолдор түзөлүүдө. Шагылды болсо айылыбыздын эле четинен ташып келип турабыз», — деп билдирди айыл башчы.


Жолдорду азырынча асфальттоого эрте, андай нерсеге көп акча каражаты керек болот, мындай нерсеге азырынча чамабыз жетпейт деп кошумчалады айыл башчы.

Даярдагандар: Мирбек кызы Айдана

Редактору: Жанара Баялиева