“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы чечилбеген таштанды маселеси

5 Май 2017 жыл 8:21
Көрүүлөрдүн саны: 110

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көптөн бери таштанды маселеси чечилбей келет. Себеби таштанды төгүү үчүн айылдын батыш тарабынан 20 км алыстыктагы атайын жер бөлүнүп берилген. Бирок ал жер алыс болгондуктан тургундар тыюу салынган жерлерге таштандыларды төгүшүүдө.

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жамааты «Жаштар» уюму менен биргеликте 15-апрелде айылдагы көчөлөрдү, чуңкурларды тазалашкан. Бул иштерге карабай тургундар кайрадан эле тазаланган жерлерге таштандыларды ыргытышууда.

Айыл башчы Жумакадыр Исмаиловдун айтымында, таштанды тазалангандан кийин, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, таштандыларды атайын бөлүнүп берилген жерге төгүүсүн айтышкан.

«Кечинде болобу же күндүзбү, кичинекей балдарын таштанды төккөнгө жиберип коюшат. Элдерге да акырындык менен түшүндүрүп жатабыз. Таштанды ыргыткандардын саны аз да болсо азайып баратат. Таштандыларды тазалап жатканыбызда ал жакка баарын ыргытышыптыр. Ырас окуучулардын жардамы менен тазалап алганбыз», — деп билдирди Исмаилов.

Жада калса кээ бир адамдар мүрзөлөрдүн ичине чейин таштанды ыргытышкандыгын айтат айыл башчы.

«Таштанды төккөнгө жер айылдан 20 км алыс аралыкта жайгашканы тургундар үчүн алыс эмес. Камаздарына ыргытчуларын жүктөп, чогултуп барып төгүшсө деле болот да. Таштандыны биздин эле элдер эмес, башка айылдын да тургундары келип төгүп кетишет экен. Таң калдым, керек болсо казылган мүрзөлөрдүн ичине чейин таштанды төгүлүптүр. Эми элдерге жакшы эле түшүндүрүп жатабыз. Күнүгө болбосо дагы тазаланган чуңкурларды карап, текшерип жатабыз», — деди ал.

Негизи Учкундун башында жана аягында эки чоң чункур бар. Элдин көбү таштандысын ошол жерге төгөт. Эгер ким ташатанды ыргытса 5000 сом айып салынат. Бирок бул эрежеге айыл тургундары көңүл бурбагандай болуп турат.

«Эми андай эреже бар, бирок ал үчүн элдер менен көп жолу жаман-жакшы көрүнүп жүрөм. Баары бир кимдин төккөнүн ким билет болуп, тургундар төлөшпөйт да», — деп кошумчалады айыл башчы.

Исмаиловдун билдиришинче, таштанды төгүүчү жерди айылга жакын кылуунун деле пайдасы жок. «Себеби анда канчалаган зыяндуу заттар бар, элдердин ден-соолугуна чоң зыян. Элдерге ал жер жакын эле», — деп айтып өттү ал.

Учкун айылынын башчысы таштандылар жер-жерлерге төгүлбөшү үчүн элдерге акырындык менен түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүү керектигин белгилеп өттү.

Даярдаган: Баян Дүйшөналиева
Редактору: Жанара Баялиева