“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун «Нур баян» тобу республикалык «Манас таануу» таймашында баш байгени багынтты

5 Май 2017 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны: 86

Эшбай Токсобаев орто мектебинин окучулары 18-апрелде «Манас таануу» сынагынан баш байгени багындырып келишти.

«Нур баян» тобунун жетектеген кыргыз тил жана адабият мугалими Мира Жумагулова менен маек курдук.


Республикалык сынакта канча команда катышты?

— Бардыгы 30 команда катышты.

Сиздерде баш байгени алабыз деген ой бар беле?

— Албетте, алабыз деп барган болчубуз анан алдык. Ушунча эмгегтендим. Балдарым окушту кыздарым окушту. Эмгегимди текке кетиришкен жок.

Канча жылдан бери «Манас таануу» сынагына катышып жүрөсүз?

— Бардыгы алты жыл болду. «Манас тануу» сынагына үчүнчү жолкусунда катышканбыз. Республикадан 2-орунду алганбыз. Былтыр дагы облустан ушул  командам барып 2-орунду алганбыз.

«Манас таануу» сынагында кандай кыйынчылыктар болду?

— Манас тануу сынагында талыкпай эмгек керек. Бул убакытка чейин көп балдар катышкан, бирок чыдай албай чыгып кетишти.

Сизге чоң ырахмат, дагы көптөгөн ийгиликтер болсун.

«Нур Баян» тобунун мүчөсү Бурулай Жумагулова суроо узаттык.

Сиздер канча эмгек менен жеңишке жеттиңер?


— Биз «Манас таануу» боло баштагандан бери экинчи жылга барды. Биринчи жылы облустан экинчи орунду алып ошондон кийин барбай калганбыз. Андан кийин окуу жылы башталгандан бери көп эмгек талап кылды. Талыкпаган эмгектин жана мугалим эжебиздин билиминин артынан жеттик.

Сиздерге кыйынчылык болдубу?

— Бизге «Манас» эпосун окусаң деле кайра чыга берет экен да. Анан окуяны билип калгандан кийин кайра түшүнүп калдык. Анан түшүнбөй калганыбызды ийне жибине чейин түшүндүрүп берди.

Сиздер өзүңөргө утабыз деп ишендиңер беле?

— Машина алам десеңер, анын өңүн-түсүн тилегиле. Анын тилегин берет деген. Биринчи орунду алып келгиле десе, биз жоок биз Гранприни алабыз дегенбиз, анан өзүбүзгө ишенип баш байгени жеңдик.

Сиздердин атандашыңар күчтүү болдубу?

— Негизи команданын эң күчтүүсү нарындыктар экен. Оттук жана биз күчтүү болчубуз. Бул жеңиш көптөгөн ийгилик алып келди жана көптөгөн жол ачылды.

Маектешкендер: Бекмырза Нурлан уулу, Айдин Жээнкулов.