“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун тургундары таза сууга 15 миң сомдон чогултуп жатышат

5 Май 2017 жыл 8:00
Көрүүлөрдүн саны: 91

Нарын районуна каршаштуу Учкун айылында көптөн бери таза суу маселеси чечилбей келген. Таза сууну Тоок сарай участкасынан тартып келүү үчүн жалпы 4,5 млн сом керек болгондуктан, ар бир тургундан 15 миң сом акча каражаты чогултулууда. Бул туурасында 29-апрелде элдик жыйналыш болгон.

Жыйналышта элдердин көбү макулдугун беришсе, кээ бири каршы чыгышкан. Айылда 600 түтүн жашап, анын ичинен 100 түтүнү жакыр жашагандар болуп эсептелет. Алардын ичинен айрымдары акчаны бөлүп төлөө боюнча макулдашкан болсо, төлөй албагандар 10 км жерди көмүп бере турган болушту.

Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаиловдун айтымында, акча чогултуу иштерине ак сакалдар жана жаш балдардан шайланган башчылар көмөк көрсөтүшмөкчү.

“Суу чыгаруучу жерди казуу үчүн 200 миң сом кетет экен, түтүктөрдү сатып алууда арзан беребиз деп жатышат. Бирок республикада биздин айылда таза суу маселеси жок деп жазылган экен. Акчаларын такыр бербеген адамдар деле болбой болсо керек, бир айылда жашагандан кийин аларга эч кандай деле чара колдонбойбуз”, — деп айтты Исмаилов.

Элдер акча каражатын бир айда толук бере алышпагандыктан, суу чыгаруу үчүн акча август айынын аягына чейин чогултулуп алынат.

“Эми биздин айылда өтө деле жакыр адамдар жок. Баардыгы заманбап боло баштады, кабаттуу тамдар көп салынып жатат. Эми бул  маселени элдер колдоп берип, ар бирибиздин үйүбуздө суу чыкса жаманбы? Мамлекет деле эми баарын эле бере бербейт да, башкысы элдин колдоосу керек”, — деп билдирди айыл башчы.

Тартылып келе турган суу текшерүүдөн өтүп, ичүүгө жарактуу деп табылган. Болжол менен сентябрь айында элдер таза суу менен камсыз болуп калаарын кошумчалады Учкун айылынын башчысы Исмаилов.

Даярдаган: Аяна Урматбек кызы

Редактору: Жанара Баялиева