“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сурамжылоо: Таштанды маселесин кантип чечебиз?

16 Сентябрь 2017 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны: 158

 Нарын районуна каршатуу Учкун айылында көп жылдан бери таштанды маслелеси чечилбей келет. Айыл тургундарына таштанды төгүүгө жер бөлүнүп берилгени менен, элдер тыюуу салынган жерлерге төгүшүүдө. Бул маселе туурасынд айыл  жашоочуларынан сиз таштандыны кайсыл жерге төгөсүз? Бул маселени кантип чечсек болот? деген суроолорду узатып көрдүк.

Жумагулов Илияз:   Биз таштандыны тээ чийнеге салып алып  мына бул аңга,  таштанды төккөн жер бар, ошого төгөбуз. Таштандыны киши баспаган, чуңкур жерге төгүш керек. Ал негизи болбойт  да. Ар кайсы жерге төккөндө, шамал учурат. Тамдын тегереги таза кармаш керек . Бала-бакырага гүл учуп тийсе, тумоо тийет. Үй ээлери өздөру чечиш керек. Айтылып эле жатат,таза кармагыла,  бир жерге төккүлө, деп айтылып эле жатат.



Учкун айылынын тургуну:
Мен таштандыны өзумдун короомо  төгөм. Менде таштандыны кайсы жерге төгүш керек жөнүндө маалымат жок.Бул масалени айыл өкмөтү ,чечиши керек.Бул жерге таштандыны коюп койгула ,биз алып кетебиз деш керек болчу. Мисал  үчүн бизден таштанды үчүн деп 50 сом алып кетишет. Сөзсүз зыян алып келет. Себеби эшикте балдар ойноп кетет, ар кайсыны кармайт ошентип оору жугат.  Жок таштынды боюнча жыйналыш өтө элек.

Аманкулова Миргүл: Таштандыларды тээ аңга төгөм.  Аны эми өкмөт караш керек да. Тазалык деп бакчага төгүлүп жатбайбы.Туура эмес да.  Ар-бир адам өз үчү тазалаш керек .Биз таза болсок, айылыбыз да таза тболот . Бул  күнгө чейин жыйналыш өткөрулө элек. Бир-эки сапар өткөрулсө керек.

 

Болотбеков Темиркан: Мына бул жактагы атайын аң бар ошого барып төгөбүз.Негизи ошол жер эле туура,  маселени чечиш үчүн ,баары менен кеңешиш керек. Жалгыз өзүбүз чече албайбыз го .Негизи таштанды аябай зыян, ар- кандай оруларды алып келип жатат.

 

 Акматова Шааркүл: Азыр мен таштандыларды гараштын аркасына барып төгөбүз.Негизи таштандыларды алыс жака, көрүнбөгөн жака төгүш керек.Бири эле кишини карабастан, эл чогулуп кайсы жака төгүш керектигин чечиши керек. Айыл ичиндеги аба бузулуп,көркү кетип жатат Жыйналыштар өтүлүп жатат.Бирок алардан тыянак чыккан жок.

Нааматбекова Гүлбара: Мен таштандыны өзүмдүн үйүмдүн наары жагын да, таштанды төккөн жер бар ошого төгөм. Алыс жерге төккүлө. Албете зыяаны келет да, ал жерге ит, мышык барат, балдар ойношо, алар кайра үйгө киришет. Жыйналыштар өткөн, бирок элдер өздөрү түшүнүп калыш керек да, кечке эле айттыра бербей.

Мектеп кароолчусу Куттубек байке: Негизи таштанды төгүүчү жер бар, киши баспаган жерлер ошол жакка төгүү керек. Мен дагы ушул таштандыны чогултуп туруп, машине менен аңга  төгөм.  Бирок ал жерге төкпөш керек. Таштандыны бөлүнгөн жерге төгүш керек, ал эми ал бир эле адамдын колунан келчү иш эмес.  Тегеректеги элдер жалпы т үшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Анан ар бир кишинин уяты болуш керек да. Айыл башчы жана айыл өкмөт да бул туурасында  элдерге көп эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Мед айым Айзада эже: Үйдөн чыккан таштандыны  биз жактагы аңга төгөбүз, болушунча гүлдөрдү төгөбүз. Салафан, бөтөлкөлөрдү төкпөйбүз да. Биз төгүп аткан жерге өтө одоно нерселерди төкпөгүлө дешкен. Атайын таштанды төгүлсүн деген белгиленген жер деле жок. Мүмкүн болсо ошондой жер болсо жакшы болмок. Айылдан алыс жакка траеспорт беришсе, таштандыны алыс жакка төксөк жакшы болмок.

Даярдагандар: Нурай Алмаз кызы, Бекмырза Нурланов

Редактору: Жанара Асанкул кызы