“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы жалгыз дарыгер Замира Базарбаева

16 Сентябрь 2017 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны: 91

Нарын районуна каршатуу Учкун айылындагы жалгыз фелдишерлик-окушердик дарыканасынын башкы дарыгери жана 12 жылдан бери ал жерде кызмат кылган айым Замира Базарбаева менен маек курдук.

-Сиздеги жакын арада болгон жакшы кабарларыныз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Менин дүйнөдөгү эң кымбат асыл апам  жакында эле катуу оорудан айыгып, баштапкы абалына келди. Анан улуу кызым чет жерге турмушка чыкты. Мени абдан кубандарган,  эң жакшы кабарларым  ушулар болду.

Өзүңүзду  үч сөз менен кандай адаммын деп айта  аласыз?

— Эң негизгиси мен ак көңүлмүн, , кектебейм, жаман ойду көп сактабайм. Ушундай сапаттарым бар жана менин өжөрмүн, эгер бир нерсени кылам десем аягына чейин тырышып кылам.

-Сиз дарыгер болууну качан жана эмне үчүн чечкенсиз?

-Мектепте окуп жүргөндө эле дарыгер болууну чечкем, англис тили мугалими жана дарыгер болсом дейт элем. Дарыгер болсом деген жакка бурулуп кеткенимдин себеби  үйдөгүлөр да түрткү болду биринчиден, экинчиден мен өзүм ошол убактарда ооруп, бейтапканага жаткам. Ошол кезде ак халатчандарга ушундай бир суктануу менен бул кесип абдан жакшы турбайбы деп ошол кезде эле баш койгом. Тилегим орундалып азыр бул кесипти аркалап келем.

-Жашоодо сизди эмне алдыга сүйрөйт жана артка тартат?

Элдин тынччылыгы, амандыгынын өзү эле алдыга умтулуу   экен да. Эми иштен деле чарчайсын, бирок баарыбир отуруп алгын келбейт экен. Эгерде иштебей койсом кандай болот? Дагы иштейинчи деп турам. Өзүмдүн кесиптик билимим алдыга умтулушума шарт  т үзөт. Анан албетте артка тарткан нерсем, кээде катуу ооруп калам, кыйналып калам анан эс алгым келип, тынч эле жүрө берейинчи деген ой келет. Бирок анда ого бетер ооруп калам го деп калам.

-Ар бир эле иште кыйын учурлар болот эмеспи? Эгерде сизде болсо кандай учурлар болгон?

-Иште болсо кыйынчылыктар сөзсүз болот.  Себеби айылдын тургундары көп, болгон оорулардын баары бизге кайрылат. Фаптын шарты да болбой калат экен да кээде, кыйын учурларда  аялдардын үйдө төрөшүнө жол бергим келбейт, корккон нерсем ушул. Көп эле кыйын учурлар болот колдон келген жардамды  кылабыз.

-Дарыгер катары өзүңүзгө кандай баа бере аласыз?

-Бардык нерсени өздөштүрүп кеттим деп айта албайм,  бирок практикалык жактан тажрыйбам бар десем болот. Чоң болбосо дагы майда-чүйдө көп тажрыйба үйрөндүм. Себеби жумуштун өзү бизди ошол нерсеге алып келди.

-Биринчи ийгилигиңиз кантип келген?

Жумушта менин эмгегим бааланды десем болот. Нарындын ооруканасында 12 жыл иштегем.  Ал жактан “Ардактуу айымы”  деген наам 2005-жылы “Медицинанын отличниги” , “Эл сыймыгынын ээси”, “Курманжан Датка”  медалы менен да сыйлангам. Эмгегимди баалашты бул жагынан мен чоон ыраазымын.

Иштеп аткан жумушуңузду сүйөсүзбү?

-Албетте отуруп алсам болбойт го деп  иштей берем.

-Иштеген ишиңиздин оң жана терс жактары?

-Оң жактары кудайдын кулагы сүйүнсүн  адамдардын саны көп. Кайрылуулардын саны көбөйүүдө. Мынакей ошондо жетише албай калам. Оорулуулар эртеңки күнгө калып калган учурлар дагы болот.  Терс жактары ушулар, эми айла жок кардар көп болсо, орундар жок болуп калат. Кээде кайра өкүнүп калам, кап көрүп койсом болбок экен деп. Бирок канча жетишсем ошончо өзүмө жакшы таасир алам.

Маегиңизге чоң рахмат!

Маектешкен:  Жанара Асанкул кызы, Айжамал Рысбекова.