“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Жаш болсо да тургундарды жумуш менен камсыз кылган ишкер айым

16 Сентябрь 2017 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 108

Нарын районуна каршатуу Учкун айылынын 30 жаштагы тургуну Гулнара Жунушбекова кийим тигүүчү чакан цех ачып , айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууда.  Гүлнара эженин максаты айылдагы жумушсуз келиндерди ишке чакыруу жана акча табуу. Бул туурасында эже менен чакан маек курдук.

-Саламатсызбы?  Учурдагы иштеп жаткан ишиниз боюнча айта кетсеңиз?

-Тигүүчү цехти ачууга жана машинелерди алууга жалпы 35 миң сом акча каражаты кеткен. Учурда цехте 8 келин иштейт жана алардын атайын билимдери бар. Албетте иштеген ишине жараша, алган акыларына ыраазы деп эле ойлойм.

-Бул ишити башында кантип баштагансыз жана азыр кандай жыйынтыгын берип жатат?

-Ар бир ишти башаганада кыйынчылыктар же жетишпестиктер болот эмеспи. Мен дагы анынсыңары башында көпкө чейин ойлонуп, эмне кылсам кандай болот деп атып бир ойго келгем. Кудай буюрса азыр жыйынтыгы мен күткөндөн да жакшы болууда, иштеген эжелер да жакшы,  дайыма сонун маанай менен ишке келишет . Туугандарым да бул ишиме жакшы карашат.

-Цехти ачууда кандай кырдаалдарга туш болдуңуз эле жана аларды кантип чечтиниз?

Эми көп эле болгон. Кээде кездемелер кеч келип калат, кээде болсо акча каржаты бир аз тартыш болуп калган учурлар болгон. Бирок, баары өз нугу менен уланууда. Ал көйгөйлөрдү туугандарымдын уй-бүлөмдүн жардамы албетте колдоосу менен чечтим десем болот.

Жумушуңуз эмнеси менен жагат?

Бул иш деле озунчө бир чоң жумуш, түйшүк деп айта алам. Мага бул жумушум эмгекти тынбай талап кылгандыгы, мени алаксытып, кызыктыргандыгы менен жагат.  Жумушумду абдан жакшы көрөм. Мага бул иш кызык болгон үчүн  иштөөдөн тынбайм. Алга гана умтулууга аракет кылам.

-Чарчаган учурларда кантип эс аласыз?

Көбүнчө жумушумду сүйгөндүктөн жана үйдө көп деле бош убакыт болбойт ошол үчүн чарчабайм деле. Эгерде катуу чарчасам балдарымды жытын жыттап, алардын күлкүлөрүн көргөндө  эле чарчоом жазылып кетет.

Жашоодо эмнеге өкүнөсүз жана кубанган нерсеңиз?

-Ойлондуруучу суроо экен. Кубанган нерсем ушул жашоодо жашап жатканым, туугандарым,  ата-энем жана балдарым жанымда, ушул нерсе мени кунуго жашоодо жаңы ойго түртөт жаңы нерсе кылууга шыктандырат. Аябай өкүнгөн нерсем деле жок.

-Өзүңүздү бул иштин мыктысы катары көрө аласыбы?

Кандай десем мен буга чейин деле көп тажрыйба топтоп келгем жана дагы топтоп, үйрөнө  турган нерселерим дагы да көп. Буюрса өзүмдү 10 жылдан кийин мыктсымын бул иштин деп айтышым мүмкүн, ошол нерсеге аракет кылабыз.

Маегинизге чоң рахмат!

Маектешкен: Жанара Асанкулова, Айжамал Рысбекова, Акылай Токтоналиева.