“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында УАМдин ардагерлерине арналып эстелик тургузулууда

21 Сентябрь 2017 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны: 110

Учкун айылында Ата-Мекендик согушка катышкан ардагер аталарга эскерүү катарында эстелик тургузулуп жатат. Учкун айылынын тургуну Коомбаев Данияр бул демилгени көтөрүп, баардык жабдуулар менен камсыз кылууда. Буга чейинки жабдуулардын суммасы 100 миң сомго жакын болгон.

 

Эстелик курууга Учкун айылынын жаштары келип жардам көрсөтүүдө. Учурда эстелик коюула турган жер цеметтелип, айланасы тосулууда. Эки-үч күндөн кийин танканын үлгүсү алынып келинет да, танка орнотулуп жумуш аягына чыгат.

 

Аталган жумушта эки адам эмгек кылууда. Айылдын жаштары да “АШАР” түрүндө келип жардамдарын көрсөтүүдө. Бул туурасында эстеликти куруп жаткан Нурбек Таалайбекович бизге мындайча кеп кылды:

“ Эстеликти улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагер аталарыбызга эскерүү катары тургузуп жатабыз. Акча каржаттарды болсо Учкун айылынын тургуну Коомбаев Данияр байкебиз демилге көтөрүп, ошо киши бардык жактардына көмөк көрсөтүп жатат. Буга чейинки материалдарды эсептегенде 100 миң сом болду, мындан кийин дагы ушунчалык акча болот го. Учкундун жаштары жардам катары “Ашар”кылып жардамын көрсөтүп кетип жатышат. Негизи башында үчөөбүз куруп жатканбыз, азыр болсо экөөбүз калдык”,-дейт Нурбек Таалайбекович.

Мектеп окуучулары да эстелик коюу ишине өз жардамдарын берүүгө даяр. Себеби бил иш аягына чыкса Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбызды эстеп, аларга баш ийип таазим кыларын билдиришти. Бул тууралуу мектеп окуучусу өз оюн айтты:

 

“Мен жана менин классташтарым бул курулуп жатканын туура эле деп эсептейбиз. Биз бул жерден өтүп бара жатканда ушу ата-бабаларыбыздын кылган эрдиктерин эстеп турабыз. Бирок танканы койгондо же ал жылбагандан кийин кызыгы деле жок болуп калат. Андан көрө мылтык кармап турган жоокердин эстелигин коюшса болмок. Себеби Улуу Ата Мекендик согушка албетте техниканыны да жардамы тийген, бирок эң негизгиси техниканы жүргузгөн адам болуп жатпайбы! Ошон үчүн мылтык кармаган жоокердин эстелигин коюшса болмок ”,-деди Гүлжигит Төлөбек уулу.

Учкун айылынын тургундары эстеликти 10-сентябрдан тартып ишке киргизе башташкан.  Эгер жумуш иши ушундай абалда жүрсо, демилге 1-октябрда аяктайт жана ачылышын өткөрүшөт.

Эстеликтин курулуп жатканын айылынын тургундары туура демилге деп, ыраазычылыгын билдирип кетишти.

“ Бул демилгени уюштуруп абдан туура кылышты. Эң негизгиси эстелик курулуп бүтсө. Өткөн-кеткен элдер эстеликти көрүп, мурунку ата-бабаларыбызды эстеп турушат. Бул демилгени учкундун тургуну, кулуну Коомбаев Данияр уюштуруптур. Ушундай адамдар көп болсо кичинекей айылыбыз чоң-чоң шаарлардай өсүп өнүгөт. Айылдын жаштары да келип жардам көрсөтүп жатышат. Биз дагы тамак жагынан жардам көрсөтүп жатабыз. Буюрса курулуп бүтсө бизге дагы балдарыбызга дагы жакшы болмок.  Себеби Улуу-Ата мекендик согушка катышкан аталарыбызды эскерип жатабыз да. Азыр көптөгөн окуучулар алар жөнүндө эч нерсе билбейт.  Ошону уюштурган Коомбаев Данияр байкеге чоң рахмат. Ыраазычылыгыбызды айтабыз”,-дейт Миргүл эже.

Даярдагандар: Гүлзар Казиева, Наргиза Жолдошбек кызы, Калыс Төрөгелди уулу.

Редактору: Бегимай Бекмуратова.