“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Ар күнүн комузсуз элестете албаган айым

24 Январь 2018 жыл 16:18
Көрүүлөрдүн саны: 178

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Баардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

Саламатсызбы? Сиз комуз өнөрүнө кантип байланып калдыңыз жана канча жашыңыздан чертип баштагансыз?


-Мен өзүм мектепте окуп жургондо эле комуз чертуугө кызыкчумун. Анан 3-класстан баштап озум чертип аракет кылып журдум. Андан сон 9-классымдан эч кимдин уйротуусу жок эле өз күчүм менен уйрондум. Ошол кездерде жаш таланттарга барып журдум. Комузга болгон кызыгуум кандай пайда болду билбейм.

Комуз чертүүүүзгө эмне түрткуү болду эле?

-Түрткү деле болгон эмес, өзумдун эле тубаса талантым го бул да болсо.
Уй-бүлөңүз сизге кандай колдоолорду корсотуп турушат?
-Көз караштары абдан жакшы, талантымды сыйлашат. Азыр мен Нарынга барып комуз чертуу боюнча 1000 сомдон толоп, нота менен черткенди уйронуп окуп жатам, бул нерсе окуучуларга сабак беришиме өтө керек. Негизи нотасы жок эле чертем. Эгер нота менен балдарга уйротсом, бат үйрөнүшөт жана жеңил болот.
Канча куу черте аласыз?

-Негизи ырлардын дээрлик бардыгын эле чертем жана болжол менен 15 күүнү билем.

Комуз чертүү өнөрүнүздү балдарыңызга үйротүү же мурас калтыруу оюңуз да барбы?

-Балдарымдын өзүлөрүнүн ниети жана шыгы болушу керек да. Кайсы балам үйрөнүп кетээри азырынча билине элек. Аларга атайын деле черткиле деп мажбурлабайм, анын устуно алар кичине. Буюрса бул өнөрдү деле аркалашса аздык кылбас. Жана аларга колумдан келишинче жардам берем.

Негизи өзүңүздүн кесибиниз кайсы?

-Мен Токмоктогу Республикалык маданият колледжин бүтүргөм. Иштеген ишим кесибиме туура келет. Өзүм кызыгып жүрүп ошол нерсеге жетишкем.

Өзүңүз чыгарган күүлөрүңүз барбы?

-Жок мен чыгарган күүлөрүм жок. Ал үчүн чоң эмгек, чоң күч-кубат керек. Бирок буюрса ушул нерсени устунон да иштеп жатам.

Комуз чертуу менен кандай тасир, кандай дем-куч аласыз?
-Бош кездерде чертип же ырдасам мээм эс ала тушот. Башкача айтканда комуз менин жан дуйном. Мага комузсмуз жашай албоочудай сезиле берет.
Мындан башка кандай кыргыздын аспаптарын черту аласыз?
Азырынча кыл кыякды озум оздоштуруп атам.Ананда пианинонуда ойной алам анандагы озум уйронгом.Ямаханыда билем уй шартына байланыштуу ямаха жок,бироккоруп калган жерден ойнойм.

Мектепде комуз ийримин пландап жатасызбы?

-Комуз ийримин ачайын деп бир жылдары аракет кылгам.Мурун уйроткон эки окучум бар,бир окучумдун озундо комуз бар экен озу бат эле уйронуп кеткен.Менде шарт жок болгондуктан окучуларымды уйго окутуп калдым,уйдода балдарым окучуларыма тосколдук кылып ийримимди токтотком.Ушул жылы кабинет алып баштайлы деп жатабыз,буюрса февраль айы менен комуз ийримин баштап калабыз

Келечектеги пландарыныз кандай?

Озумдун иштеп аткан иштеримди алдыга суруп жана таланттуу окучуларды концеттерге даярдап андан сырткары дастан айттырып жаш таланттарга барышына туртку болу пландарым бар. Анан буюрса ушул 8-мартта же Ноорузда концерт уюштурайын деп жатам. Ошого он окуучу  чыгарып талантарын көрсөтөйүн деген оюм бар.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу.
Редактору: Жанара Асанкул кызы, Бегимай Бекмурат кызы.