“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Кыштын суугуна карабай элдин ден соолугуна кам көргөн ишкер

24 Январь 2018 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 161

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери дарыкана иштеп жатат. Жаңы койдуруп берген кантейнердин көлөмү дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. Дарыкааны иштетип келген Ашыралиева Акмончок эже биз менен бул туурасында маек куруп берди.

Саламатсызбы? Сиз бул даарыкананы качан ачкансыз?

-Саламатчылык. Буга чейин бизде ФАП тын айланасында эки жыл мурун бар болчу андан кийин ал жакта шартты жакшы болбогондугуна байланыштуу эки жылдан бери ушул жерде иштейм.

Азыр ушул кантейнердин абалы кандай?

-Кантейнерде отурганыма отурганыма бир жылдай болуп калды.Жакшы, ичи жылуу, таза, дары-дармектерди койгонго ылайыктуу. Бирок көйгөйлөр да жок эмес. Ичи тардык кылат жана бизге жаңы бардык шарттары менен  дарыкана салынып берилсе эң жакшы болмок.

Негизи ушул кантейнер ондоо ишине муктаж эмеспи?

-Ондоо ишине муктаждыктар бар. Кантейнердин орнотулганына аз эле болду, эгер муктаждык болсо биз ошо ООСО даарыканасы каржылайт.

Сиздин дарыканада айыл тургундарына  жетиштүү дары-дармектер барбы?

-Бизде болушунча дарылар бар. Жлдин суроо талабына жараша болот. Кандай дары-дармектер керек болуп калса биз буйуртма жазабыз. Азыр дары-дармектер жетиштүү, бизин айыл тургундары жеткиликтүү.

Кээде чарчаган же көнүлүңүз келбеген күн болот, бир күн такыр кардар келбей коёт. Ошол учурда өзүңуздү кантип жубатасыз?

-Мен бат-баттан кардар келишин тилебейм. Ошого карабастан бир адам күнүнө болбосо да, бир жумада келип дары алып кетишет.

Тургундарга дарыларды берүүдө кандай колдонушту айтып бересизби?

-Бул жердин дарысы негизи  ФАПтын менен байланышып иштейбиз. Биринчи орунда ФАПка барып көрүнүшөт ал жактан тизме боюнча дары алып кетишет.

Иштеген ишиңиз өзүңүзгө жагабы?

-Бул иштеген ишим өзүмө жагат. Ошол адамдардын ден соолугуна карап тилеп иштейм. Эч качан оорушпасын. Дары өтсүн деп иштебейм.

Негизи өзүңүздүн кесибиңиз кайсы?

-Менин кесибиим иштеп жаткан жумушума туура келет. Мен мед колеждди бүткөм. Негизи фармотцев деген кесип жок болгондугуна байланыштуу аптекар болуп иштеп жатам.

Бул туурасында иш убагына кандай кызыктуу окуяларды өткөздүңүз эле?

-Ар бир жерде кызыктуу учурлар болот. Мен жаңы иштеп жатканда дарылардын баасын билбей, кардарлар келгенде врачтан суроо керек болгон. Дарылардын баасын алмаштырып саткан учурум аз гана болгон. Бирок биз андай жолго барбайбыз.

Сиз дарыканадан түшкөн акчаны кайда жумшайсыз?

-Мен дарылардан түшкөн каражатты ООСО дарыканасына жумасына төгүп турабыз жана кайра керектүү дарыларды сатып алабыз.Бир күндө 500 сомдон  1000 сомго чейин табам.

Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Даярдагандар: Ынтымак Мирбек уулу, Айжамал Рысбек кызы.

Редактору:Бегимай Бекмурат кызы, Жанара Асанкул кызы.