“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Республиканы багындырган Көчөрбаев Ислам Амантурович

24 Январь 2018 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны: 123

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Э аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.

Көчөрбаев Ислам учурда Нарын мед коледжин бүтүп, саматолог-врач деген кесипке ээ болду. Жеңүчүү айылда жок болгондугуна байланыштуу толук маалыматтарды апасы Мамаева Зульфия эжеден алдык:

Саламатсызбы! Балаңыз кандай кесип менен алектенет?

-Менин уулум Көчөрбаев Ислам жакында эле мед коледжин аяктады. Саматолог-врач деген кесипке ээ болду. Учурда Бишкек шаарында саматология борборунда эмгектенет.

Балаңыз күрөшкө кантип катышып калды?

-Биричи күрөшкө  16 жашында мектепте окуп жүргөндө атайын ийримге катышкан. Андан кийин “Тайманбас” аттуу спорт залга барып машыгып жүрдү жана өзүнө көптөгөн жакшы нерселерди алды десем жаңылышпайм. Катышканына эч кандай каршы болгон эмесмин. Себеби, эркек бала дайыма өзүнө келген карама-каршылыктарга даяр турушу керек.

Балаңыз кандай сыйлыктарга ээ болду эле?

-Балам көп эле сыйлыктарды алган. Мисалы, облустук, райондук мелдештерде 1-2 орундарды алып келген. Жакында эле “Эрежесиз эр таймашка” катышты. Бул туурасында бизге эч кандай кабар берген эмес. Мен бул спорттун түрүн хобби катары алып жүрөт деп ойлогонбуз. Биз учун күтүусүз болду.

Балаңыз кыйналган убактар болду беле?

-Балам буга чейин анча деле оор жаракат алган жок. Болгону машыгуу учурунда тизесине доо келтирип алган. Ошондо баламды көрүп алып аябай ыйлагам. Уулумдан сурангам буга катышпай эле коюшун. Бирок кийин оюм өзгөрдү.

Ислам байке Эл аралык таймашка качан барат?

-Менин билишимче 23-февралда Өзбекстанда 3-турга катышам деп аткан.  Ал жерден дагы жемиштүү орунду алып келет деген ишеничибиз чоң. Мен балам менен сыймыктанам.

 

Даярдагандар: Адинай Талантбекова , Калыс Төрөгелди уулу 

Редактору:  Бегимай Бекмуратова.