“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Куланак жана Учкун айылдарынын көйгөйлүү маселелери боюнча долбоордук жыйналыштын жыйынтыгы

27 Январь 2018 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны: 184

Нарын районуна караштуу Куланак айылында айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча 26-аянварда долбоордук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары катышып, көйгөйлүү маселелерди презентациялап беришти жана эки айыл боюнча жалпы 9 көйгөй анын ичинен орчундуу маанилүү 5 көйгөй талкууланды.

Долбоордук жыйналыштын максаты туурасында айыл өкмөт Касымакун Мамырбаевден төмөнкүдөй жооп алдык.

“Нарын району боюнча улуттук Швецария кызматтыгынан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбооруна катышканбыз. Бул долбоорду Швецария өкмөтү каржылайт. Аткаруучу Өнүктүрүү саясат институту. Жай айынан бери жааматтык муктаждыктар биргелешип айылдагы муктаждыктарды бирге аныктап чыкканбыз. Ошонун аркасында айыл өкмөт боюнча Куланак жана Учкун айылынан тогуз көйгөй алдыга чыккан. Тогуз көйгөйдөн тышкары беш көйгөйдү көтөруп чыкканбыз, кечээ күнү беш көйгөйдү эл алдына чыгарып анын ичинен эки артыкчылыктуу көйгөй менен долбоор жазалы деп чогулушка чыкырып элдин добушун алдык. Себеби ар бир өкмөт экиден долбоор өткөзгөнгө акылуу экенбиз. Эки артыкчылыктуу көйгөйлөр: Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин жылуулук системасы , Куланак айылынан жаштарды спортко тартуу боюнча футболдук аянтчаны куруу туурасында маселелерди көтөрүп чыгышты. Жыйналышка жалпы 185 адам катышты. Долбоорлор боюнча беш презентация болду. Ар бир адамдын колуна мөөр басылган стикерлерди бердик жана  алар өзүлөрүнө жаккан долбоорлорго бирден добуштарын беришти”,-деди Касымакун Мамырбаев.

Э.Тособаев мектебиндеги жылуулук системасы боюнча демилгелүү топтун жооптуусу Адилет Бейшеналиевден мектепгеги жылуулук системасы туурасында интервью алдык.

“Мектептин жылытуу системасы электр энергиясы менен болгондуктан электроконвектор менен жылыйт. Электроконвектордун иштөөмөөнөту үч жыл эле болгондуктан азыркы күндө 50дөн ашууну такыр иштебейт. Калгандары бир эле көрсөткүчү менен иштейт (араң жылыйт). Класстар муздак болгондуктан окуучулар сырткы кийимдери менен отурат. Сабакка көңүлү жок жана катышы начар. Жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли активдүүлүгү начарлоодо. 2011-жылы мектепке бирөө 6776 сомдук 27 шт. 0,8 кВт сааттык  жана бирөө 4785 сомдук 117 шт. 1 кВт сааттык электроконвекторлор коюлган жалпы баасы: 742 797 сомду түзгөн. Азыркы учурда жылыткычтардын 75% иштебей калды”-деди ал.

Учкун айылындагы таштанды маселесин презентациялап чыккан Мирбек Каараблаевдин оюн сиздер менен бөлүшөлү.

“Таштанды маселеси айылдагы эң көйгөйлүү маселердин 5-болгон. Келечекте бул нерсени сөзсүз кылуу керек. Эгерде долбоор өтсө өзүбүздүн ден-соолугубузга, айлана-чөйрөгө, маданиятыбызга терс таасирин тийгизмек эмес жана тургундар жумуш орду менен камсыз болушмак деген максатта көтөруп чыккам. Элдер таштандыны айланасына төгүп жаткандыгынын себеби палигондун алыстыгы жана өзгөчө кышында таштанды көп чыкканын байланыштуу бөлунүп берилген жер алыс болуп калат. Кечээки долбоордо элдер бир максатты көздөшкөн, биринчи көйгөй катары мектептин жылуулук маселеси болгон. Буюрса кийинки долбоорлордо таштанды маселеси өтүп кетет деген ишеничтебиз”-дейт Мирбек Карабалаев.

Долбоор качан ишке ашат жана канча акча каражат талапкылынат деген сурообузга Адилет Бейшеналиевден төмөнкүдөй жооп алдык.

“Долбоор алты айдын ичинде ишек ашат. Азыркы күндө долбоор жазылып сунушталып анан утуп калса жалпы суммасы 1 500 000 сомго сметасы түзүлдү. Айыл өкмөт тарабынан 400 000 сом, мектеп жамааты 100 000 сом, «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору, Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан 1 000 000 сомго түзүлдү”_деди ал.

Жыйналыштын жыйынтыгы туурсында айыл өкөт төмөнкүлөрду айтты.

“Жыйынтыгында 115 добуш менен Куланак айылынын спорт аянтчасын куруу боюнча ал эми экинчи орунга 56 добуш менен Э.Токсобаевдин жылуулук системасы чыкты. 15-февральда долбоорду тапшыруунун акыркы мөөнөту болот. Ушул убакытка чейин долбоорлорду жазып өткөрүп берүүбүз керек. Демилгелүү топтор түзулгөн алардын жооптуусу Э.Токсобаев мектебинен Адилет Бейшеналиев, Кулнак айылынын Жаркын Кадыралиева өзулөрүнүн демилгечи топтору менен долбоорду жазып өткөрүшөт. Долбоорду бүт жазып бүткөн соң Өнүктүрүү саясат институтуна өткөрүшөт, ал жактан комиссиялар крашат буюрса эки долбоорубуз тең өтуп кетсе айыл үчүн чоң жетишкендик болмок”-деп сөзүн аяктады.

Редактору: Жанара Асанкул кызы.