Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан тушундуруу иштерин жургузуп жатышат.
Бул оору туурасында Учкун айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Айзада эже төмөнкү маалыматтарды берди.
-Негизи биздин маалыматыбызга караганда Бишеке шаарынан бир кыз жугузуп келип, анын айынан 10 балага жуккан экен. Ошол учун бизге бул оору туурасында тургундарга тушундуруу иштерин жургузгулө дешти. Азыркы тапта убактыбызга жараша ар бир уйго кирип тушундуруу иштерин жургузуп жаткан чагыбыз.
Кызамык оорусунун жугуу жолдору:
-Калк көп болгон жерде аба аркылуу.
-Идиш аяктар жана тамак аш аркылуу.
-Бироонун буюмун колдонууда.
-Бироо менен катнашка барганда.
Мед айым эженин айтымында бул ооруну алдын алуу учун эл коп жерге барбай жана колдонгон идиштерди таза кармоо керек. Ошондой эле суукка коп чыкпоону сунуштады.
Айыл тургундары бул оору туурасында канчалык денгээлде маалыматы бар экенин билуүү үчүн кыскача айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк
Айыл тургуну Качкын Абдыгазиев төмөнкүлөрдү айтты.
-Биздин жаш кезибиде кызамык оорусун даарлоо учун дары-дармектер жок болуп, кыргызча эле дарылачубуз. Кырыгзча дегеним ал кезде тамак-аш жетиштуу болбогондуктан бозо берип дарылоочубуз. Бозонун дарылык касиеттери өтө көп. Анан тушундуру иштерин жургузулгонун билген жокмун, андай иштер жургузулгон жок.
«Бул оору боюнча маалыматым бар, жакында эле неберем бул оору менен ооруп этине будур чыгып, анан бозо, коюу винодон кичинеден кашыктап берип аттык. Ошентип бат эле жакшы болуп кетти. Дарыгерлер жакшы маалыматтарын берип, жакшы тушундуруп жатышат»- деди Бейшегүл Өмуракунова.
-Азырынча мен бул оор туурасында биле элекмин. Дарыгерлер маалымат беришкедерин уга да коро да элекмин»- дейт Темирбек Болотбеков.
«Биз жакта кызамык деген оору жок болуш керек, кобунчо шаар тарапта болот го. Биздин айылдын дарыгерлери тушундуруу иштерин жургузуп, кээ бир билбеген нерселерди билип алып сак болуп калдык»-деди Марсияна Мураталиева.
Кыскача сурамжылоонун негизинде айыл тургундарынын кээ бири бул туурасында маалыматы болсо, кээ биринин тушунугу жок экен.
Даярдагандар: Айтаалы Эркинбек уулу, Айжамал Рысбек кызы, Мадина Белекова, Гулзар Казиева.
—