“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Марал» радиосунан «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болгон Назгүл Апилова

2 Февраль 2018 жыл 12:07
Көрүүлөрдүн саны: 90

 Нарын районунун Учкун айылындагы  “Марал” радиосу интернет аркылуу жүргүзгөн тандоодо Э.Токсобаев мектебинин биология мугалими Назгүл Апилова «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду.

26-декабрда “Марал” радиосу элдин жалпы тандоосу менен аныкталган инсандарды сыйлоо боюнча «Жыл мыктылары — 2017» иш-чарасын өткөрдү. Анда ар 14 аталыш боюнча жыл мыктыларына атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Жаңычыл мугалим-Назгүл Апилова. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев атындагы орто мектебинин биология мугалими. Аталган мектепте 2008-жылдан бери иштеп келет. Назгүл айым алыскы аймакта окуучуларга өзгөчө мотивация бергендиги менен айырмаланат. Ал биология предметине окучууларын кызыктырып, он окуучусу так ушул эжейинин жолун жолдоо үчүн биология мугалими кесибин тандашкан. Окуткан окуучулары жылына облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы  орундарды багынтып келет. Райондук жана облустук денгээлдеги ардак баракчаларга жана  алкыштарга арзыган. «Марал» радиосуна Назгүл Апилованы угармандар сунуштаган. Андыктан «Жаңычыл мугалим» номинациясына радионун версиясы боюнча татыктуу деп табылды.

Даярдагандар: Мадина Белекова, Бекмырза Нурланов.