“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөт баян: Кыш мезгилинин кереметтүү көз ирмемдери

2 Февраль 2018 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны: 309

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда жылуу,  көркү менен көз уялткан көрүнүнштөрдү сиздерге сүрөт менен бермекчибиз.

Айыл тургуну Талант Абдиевдин айтымында кыш мезгили быйыл суук болуп, көмүр да кымбат болгонун белгилеп  өттү.

-Негизи кыштын кыштай болгону жакшы делет эмеспи. Эмнегедир жылдар өткөн соң кыш дагы кыштай эмес, кыш сууктугу, бороон -чапкындуулугу менен башка мезгилдерден айырмаланат да. Азыр кыш суук түнкүсүн, кээде болсо жайдын күнкүдөй кар ээрийт. Кышты кудай ураарда күн жымындап жаз болот деген ата-бабаларыбыздын сөзү келип атат окшойт.


Ит адамдын досу.

Майрам Бейшеналиева көбүнчө ага кыш мезгили эгер жылуу болсо, ошонусу менен жагаарны айтты.

-Мага кыш мезгили аппак кардай аруулукту алып келгендиги, айланага көз чаптырсаң бардык жер эч бир кир-тагы жок таптаза, аппак. Илгери Үркүн болгондо кыргыздар Кытайга качканда, кыштын ызгаарына, кыштын заарына чыдай албай көбү каза тапкан. Азыр болсо, кыш деле өзүнүн маанисин жоготуп бараткандай.

Салтанат Абдиева: Көбүнчө мага жай мезгили жагат, себеби жайында кыштын суугун сезбей, ооруну билбей өкөрөт эмеспизби. Күпчүйбөй жука кийинип, өзүңдү эркин алып жүрөсүң. Кышында көбүнчө жылуу үйдөн чыкпайсың, бирок ошонусу менен бирге эле эшикте таза аба.

Даярдагандар: Айжамал Рысбек кызы, Бегимай Бекмуратова, Жанара Асанкул кызы.