“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Мектепке жеңилдик алып келген интерактивдүү доска

13 Февраль 2018 жыл 15:23
Көрүүлөрдүн саны: 143

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине мугалимдердин сабак өтүүсүнө жеңилдик алып келүүчү  интерактивдүү доска алынып келинди. Жалпысынан 70 000миң акча каражаты сарыпталган. Мугалимдер  мектеп мүдүрүнүн демилгесин колдошуп, профсоюзга бөлүнгөн каражаттын эсебиненен алышкан.

Интерактивдүү досканы алып келүү мурда эле мектеп мүдүрүнүн  планында бар экенин жана профсоюзга бөлүнгөн акчаны бекер кетирбестен мектепке керектүү досканы алышканын билдирди:

 

«Мектеп жамааты көп жылдан бери чогултулган профсоюздун каражатынан  алынып келинди. Азыр мектептеги окуучулардын сабакка кызыгуусун артыруу кыйын. Ошол себептен мугалимдер сабакты жандуу видео менен көрсөтсө окуучулар кызыгуусу күчөмөк. Мектепте негизи көптөгөн көйгөйлөр бар. Алардын бири 1-4-класстар окуган мектепте чатырынан жаан тамып, терезе, эшиктеринен суук кирет. Ошого байланышту терезе,эшиктерди жаңылоону сунуш кылышкан. Бирок бул досканын көп пайдачылыгы болгондуктан алып келдик»-деди Арзыгүл Шеримбекова.

Бул доскада  бардык сабактарды, ачык сабактарды, жыйналыштарды, кызыктуу иш-чараларды өтүүгө ылайыкталган. Досканын кантип колдонулушун тарых мугалими Нурсултан Асанбеков үйрөнүп келген.

«Бул доска проектордун жардамы менен өзгөчө жандандыруучу доска. Компьютердеги бардык функциялар камтылган жана жумшак карандашы бар кол менен да жазса болот. Дегеле бардык сабактарда колдонсо болот. Мен Бишкектеги «Хантиграф»деген компания ушундай доскаларды сатып иштешет экен. Анан мага бир ирээт көрсөтүп беришти. Андан кийин мен мугалимдерге кантип туташтыруу керек экендигин үйрөттүм»-деди Нурсултан Асанбеков.

Бул досканы алып келүүнүн максаты туурасында мектеп мүдүрү төмкүлөрдү айтты:

«Негизи интерактивдүү доска менен иштөө  окуучулардын кабыл алуусуна жеңил. Мугалимдердин сабак өтүүсүнө жеңил. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жоголуп баратат. Ошол себептүү бул досканы алып келүүнү туура көрдүк»-дейт мектеп мүдүрү.

Мектеп окуучусу Айдана Талантбекова бул досканын  келгени өзү үчүн да, мектеп үчүн да жакшы болгонун бидирди?

«Мен мурун техникага анча кызыкчу эмесмин. Бул доска келгенден кийин  кандай колдоноруна кызыгып, үйрөнө баштадым. Мындай кийин бардык техниканы мыкты үйрөнүүгө дилгирленип калдым. Мага аябай жакты. Себеби, «Техника замандын талабы» делет эмеспи дейт Айдана Талантбекова.

Редакторлору:  Жанара Асанкул кызы , Бегимай Бекмурат кызы.