“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылына  КЕДР маркасындагы жаны техника келди

20 Февраль 2018 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 143

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Азатбек Мукулов жаңы карагай тилүүчү шайман алып келди. Анын өзгөчөлүгү колдонууга жеңил жана сапаты мыкты экенин айтты. Карагай тилгичти мындан бир жыл мурун Ысык-Көл облустунан алып келген.

Бул шайман иштетип жаткан Азатбек Мукулов техниканы алып келүү оңойго турбагандыгын, документти алуу Кыргызстанда жок экенин айтты.

Айыл жергесинде мугалим, дарыгер кесиптерине мамлекеттен айлык төлөнөт. Ошон үчүн үй-бүлөөсүн башка тармак менен иш кылып багуу максатында жогорудагы шайманды алып келгендигин билдирди.

Биздин кабарчылар ушул жана башка маалыматтарды ишкер Азатбек Мукуловтун өзү менен  маек куруп келишти.

Саламатсызбы! Айылга алып келген жаңы шайман жөнүндө маалымат айта кетсеңиз?

-Саламатчылык! Бул КЕДР деген Россиянын фирмасынан чыккан карагай тилгич. Карагай тилгич релись менен жүрөт. Муну линений пилорама дейт .

Шайманды каяктан жана кандай максат менен алып келдиниз?

-Карагай тилгичти мурун эле иштетүү планыбызда бар болчу. Карагай тилгичти Рассиядан алып келмекбиз бирок Кыргызстандан чыгып калып Ысык-Көлдөн жүктөп келдик. Орнотконубузга жарым жылдай болуп калды. Себеби мунун документтери бүтүрүш азыр бир кыйла татаал экен.

Карагай тилгичти канча киши иштетсе болот?

-Муну жалгыз киши деле иштете берсе болот. Иштетүүгө жеңил установкасына  жана  карагайларды релиске бекитишип  салышып турганга бир киши керек. Жалпысынан биз мына ушул жеңилдиктерине карап сатып алдык.

Карагай тилгич менен мурун иштедиңиз беле?

— Жок. Мен мурун иштеген эмесмин. Азыр техниканын заманы эмеспи, интернеттен көрүп үйрөнгөм. Анда бүт айтылат экен катип, эмне кылып иштетишти.

Буга канча акча сарптадыңыз?

-Биз муну алып келгенибизге бир жарым жыл болуп калды. Эмнеге иштетпей жатканыбыздын себеби, жогорку жактагылар, ушул техниканы иштете бер деген уруксат кагаз керек экен. Анан биздин Кыргызстанда дагы андай мекеме жок деп айтышты. Мунун иштетүү үчүн акча сурашат экен, акчаны деле берели десек каякка кайрыларыбызды тапкан жокпуз. Ошентип үч айылык уруксат алдык тааныштардын жардамы менен.

Ишке киргизилгенден кийин кандай кыйынчылыктар болду?

-Биз муну биринчи жолу иштеткенде жакшы эле тилген. Буга дагы өзүн суусу керек экен. Суусу жок болсо аранын тиштери сынып кетет.  Эми бул үч айлык мөөнөтүбүз дагы бүтүп баратат. Кайра эми уруксат алабыз го.

Биздин айылда буга чейин карагай тилген станок бар беле?

-Мурун эски станок бар болчу. Ал азыр деле иштеп келет. Аны Баялиев Элмурат иштетчү. Азыр Төрөгелди Баялиев иштетет. Алар дагы айылдагы чоң жана эски шайман. Азыр кудайга шүгүр көбөйүп баратат.

Муну менен иштөө жеңилби же оорбу?

-Ооба. Жеңил эле экен  болгону карагайды бекиткенге эле киши керек. Бул жаңы чыккан техника болгондуктан атйын колдонгонго жеңил жана жүрүшү да жеңил. Айылдагы тургундарда мындай техниканы алып иштетсе болот. Бир кыйла жумуш кыскарып, убакыт көбөйүп калат экен.

Биз менен маек курганыңызга чоң рахмат! Дагы да айылдын керегине жарай турган иштерди жасай бериңиз.

Дарядагандар: Бекмырза Нурлан уулу, Ынтымак Мирбек уулу.