“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Эшбай Токсобаевдин өмүр чыгармачылын КТРК каналы келип тартып кетти

24 Февраль 2018 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылып жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.

Аталаган кабарчылар Эшбай атаны өмүр жолун жанан чыграмачылыгын, эмне себептен мектептин наамын алагандыгын, кандай эмгектерди жасагандыгын тартып кетишкен.

КТРК нын журнналисттерине Эшбай Токсобаевди тартууну анын балдары сунуш кылып чакыртышкан.

Бул тууралуу Эшбай атанын кичүү баласы Жээнкул Эшбаев мындайча билдирди:

«КТРК каналы 2017-жылы «Тарых, маданият жана ыйман» жылына картта менин атамды өмүр баянын тарканга өзүбүз  сунуштаганбыз.  Бул ишти минутасына жараша төлөнөт экен. Биз акча каражаттын көп кошуп, жарым сааттык көркөм фильм кылып тарттырдык. Атам бош убактысында бизге «Манас» киитепттерди окуп анан бизди тарбиялачу»-деди кичүү баласы Жээнкул Эшбаев.

Мектепте директордун орун басары Нурсултан Асанбеков Эшбай Токсобаевди Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» деген чыгармасындагы Дүйшөн агайга окшоштурсак болот деген пикирин билдирди:

» Биздин мектебибиздин наамын алган Эшбай Токсобаев атабыз Чынгыз Айтматовдун чыгармасы сыяктуу Эшбай атабызды Дүйшөн агайга окшоштурсак болот. Эн биринчи алдынкы мугалимдердин бири. Алыскы жердеги Ташкентке чейин барып окуп келген адам. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Мисал үчүн СССРден коп сыйлыктарды алган 1899-жылы төрөлгөн  Медиреседе мурун сабаттулукту жойгон билимдүү адамдардын бири болгон кыйынчылыка карабай окуп келген.
Эшбай Токсобаев атабыздын өмүр баяны анын эмгеги ,эмне себептен мектептин наамы берилген,анын кандай сыйлыгы бар, ал кандай эмгектерди жайган балдарды кандай тарбиялаган ошол нерсенин баарын тартып кетти. Маданият каналынан жана КТРК каналынан көрсөттү.
Аны өзүнүн  Эшбай атабыздын сегиз баласы баласы бар ошол балдары сунуштаган. Балдарынын баары билимдүү, баардыгы жогорку окуу жайларда окушкан, азыр жакшы жерлерде иштешет.. Өздөрүнүн эмгегин башкаларга тартуулап келет. Анан ушу мектептин дагы демилгеси менен, Эшбай атабыздын омурун, чыгармачылыгын, каза болгонго чейин омур таржымалын тарып кетти. Бул 28-декабрда тартылды»-деди ал.

Даярдагандар: Адинай Талантбекова, Асел Назбек кызы, Калыс Төрөгелди уулу