“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында мектепти жылытуу маселеси каралууда

24 Февраль 2018 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны: 93

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августтунда 59000миңге чукул келип түшкөн болсо, февраль, март айларына 14миңге жакын калган. Мектептин чарба иштери боюнча башчысы Рысбек Таалайбекович көмүрдүн сапаты начар экенин белгилеп өттү.

 

 

«Тагыраак айта кетсек 2017-жылдын 8-августтунда биздин көмүрканага 59000миң көмүр келип түшкөн. Бул көмүрдөн ноябрь айы, декабрь айы, январь айы жагып эми февраль айын жагып отурабыз. Бул көмүрдүн сапатын айта кетсем жылдагыдан аябай эле начар  болуп калды. Мындан элеп дагы жагып жатабыз. Үч ай жаккандан кийин февраль менен март айына 15тонна көмүр калды. Анан ошол көмүр жетеби же жетпейби маселе болуп жатат. Мен өзүм сентябрь айында жумушка киргем менден мурунку ишкерлер өткөрүп алыш керек болчу. Аны болсо мен айта албайм. Эми мындай кийинкилерин жакшылап өткөрөбүз. Бизде үч адам от жагып иштейт. Өзүм эртең менен барып көзөмөлдөп турам. Атайын өзүнүн нормасы бар 320кг дан жагып турабыз. Эми азыр 13-14тонна калды»-дейт ал.

Токсобаев мектебинин 1-корпусунда чет тил сабагынан берген Асыл Замирбек кызы класс ичинин муздак болушу сабак өткөнгө ыңгайсыздык алып келип жатканын айтты:

» Мен ал жакка эки саат сабак берем. Ал жакта окуучулар куртка кийип отурушат. Негизи 1-2-сааттарда муздак болот. Андан кийин сабактын орто жарымында жылый баштайт. Бирок, кайра эле муздап калат. Ошон үчүн балдарга курткаларын, топуларын кийгизип отургузуп сабак өтөбүз. Мунун себеби көмүрдү сарамжалдап коюп, отту жакпай коюп жатышат же болбосо көмүр жок»-деп өзүнүн оюн билдирди чет тил мугалими.

Быйылкы жылы мектептин жылыбай жаткандыгынын себептери  балким, мектептин курулгандыгына көп жыл болуп, сапаты арып баратканы же жумушчулардын көңүл кош мамилелеридир.

Мектепти жылытуу, окуучулардын жакшы шартта окуушуна мамлекет дагы, мектеп дагы көңүл бурулары керек. Бул тууралуу мектеп окуучусу өз пикирин айтты:

«Биз жаңы мектепте окуйбуз бирок менин үйдө инилерим өйдөңкү мектепте окушат. Алар сабакта сырткы кийимдерин кийип отурарын айтып келет. Бул маселе балким жетекчилер көмүрдүн сапатына көнүл бурагандыгыдыр. Ошентсе да биздин мектеп билими боюнча мыкты мектеп деп айта алам»,-дейт мектеп окуучусу.

Даярдагандар: Адинай Талантбек кызы, Айтаалы Эркинбек уулу.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.