“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Жаңы шайланган аким Семетей Черикбаев Учкун айылына келди

27 Февраль 2018 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны: 130

Бүгүн Нарын районуна караштуу Учкун айылына жаңы шайланган акими Семетей Черикбаев келип, айыл тургундары менен таанышып, айылдын көйгөйлүү  маселелерин угуп, убада берип кетти. Аталаган чогулушта эң маанилүүлү көйгөй болуп таза суу эсептелди.

Жыйналышка мектепте иштеген мугалимдер, ӨКМ дин кызматкерлери, милиция кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл тургундары катышышты.

 

 

Аким бардык каралган көйгөйлөрдү угуп, бул маселелерди убакыт беришсе чечерин билдирди. Аталаган маселелердин 90%  таза суу экендигин айтышты.

Аны менен бирге мугалимдердин маянасы, электр энергияны көзөмөлдөгөн киши жок экендиги, көмүр аз жана сапатсыз келип түшкөнүн талкуулашты.

Семетей Черикбаевтин өрөөндөргө келишинин себебин жана кандай маселе болгондугун төмөндөгүдөй  билдирди:

«Мен ойлом Нарын району боюнча эң орчундуу көйгөй сугат суусу деп ойлойм. Бирок , барысы табигаттан болот  мына кар көп түшүп жатат, жайында аба-ырайы жакшы болсо баары чечилет. Ал эми барысы калыс болсо ар ким өз кезеги менен суу бөлүнүштүрүлүп берилсе, айылдагы атайын мекемелер бар аякта иштеген кызматкерлер жумушту  сугат бергенде каналдан баштаса, өз кезеги менен бөлүп, тартыш болуп жатса кийинки мезгилге бөлүп турса эл да нааразы болбойт. Бул эми чоң-чоң маселе мына бул жерде суугат суусун пайдаланылган канал бар экен, андай чоң обьектилерди биз жогорку тийиштүү жетекчилерге, айыл чарба департаментине, суу чарба департеминтине, Кыргы з Өкмөтүнө, губернатырыбыз Аманбай Кайыповго жеткирип турушубуз керек»-деди Нарын шаарынын акими Семейтей Черикбаев.

Болгон жыйналышка катышкан мектептеги окуу бөлүмүнүн башчысы Назира Касымбекова өз оюн мындайча айтты:

«Биз жалпы мектепте жана жалпы айылга тийешелүү Куланак айылы менен биргеликте чоң чогулуш болду. Аким өзүн тааныштырып, биз берген суроолорго так, толук жооп берди. Биз өзүбүздүн мектепте маселе болуп жаткан эски мектебиздин начардыгын таанышып, толук маалымат алып кетти. Жаңы иштерди кылам, маселелерди чечем, акча каражаты жагынан жардам берем деди. Ошондой эле көмүр туурасында маселени карап, ченеминен көп көмүр бербейбиз деп айты. Эң негизги биздин маселе өйдөңкү корпустагы мектеп болду. Ушул маселелерди чечип берет деген ойдомун»,-деди Назира Касымбекова.

Черикбаев Семетей Мырзабекович Учкун айылынан тышкары Достук, Жамбулак, Сары-Ой  айылдарынына да барып айыл тургундары менен маселелери туурасында үстүртөдөн маалымат алып кетти.

Даярдагандар: Бекмырза Нурланов, Бегимай Бекмурат кызы.