“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Гүл баян» тобу областтык деңгээлдеги»Манас Таануу» таймашынан баш байгени алышты

26 Март 2018 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 95

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлмира Жумагулова 6 жылдан бери окуучуларды «Манас Таануу» интеллектуалдык таймашына даярдап келет. 24-мартта «Гүл баян» аттуу топ областтык таймаштан баш байгени багынтышты.

Гүлмира Жумагулова даярдаган «Улуу баян» аттуу тобу 2014-жылы республикадан 2-орунга илинишкен, 2017-жылы «Нур баян» тобу республикадан баш байгени алышса ал эми  эженин 3-даярдаган «Гүл баян» тобу республикага жолдомо алышты.

      Mikshing-4

Бул чоң ийгиликтин аркасында кандай дем-күч, кандай эмгек жатканын билмекчибиз. «Гүл баян» тобунун топ мүчөсү Гүлзира Токтоналиева Манас Таанууга катышкандан тарта жашоосунда көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

«Манас бул өзүнчө бир адамды тартып ала турган касиеттүү эпос десем болот. Мисалга Манас эпосун окугандан кийин башка эпосторго болгон кызыгуум артып жана Манасты гана кайра кайра окугуң келе берет экен. Манас эпосунан чындыкты, калпты айтпаш керек экендиги, чындык гана баардык жакшылыкка алып келе тургандыгы айтылат.

Мен Манас Таанууга катыша электе өзүмдү башкача алып жүрүп, кекчил болчумун, азыр адамдарга болгон мамилем өзгөрүлүп, кекчилдигим дагы жоголду десем болот. Манас Таанууга катышуу менен өзүмдүн убактымды туура колдонуп, ар кайсы нерселерге катышып, баалуу нерселерди үйрөндүм десем болот.

Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адбият мугалими Мээрим Маматалиева эженин эмгеги өз убагында бааланып, келечекте республикалык деңгээлде окуучуларды даярдоо планында бар.

«Мира эже өзү өтө күчтүү мугалим, кандайдыр бир жогорку мугалимдин катарына кирет. Бул жерде окуучуларга өзүнүн билимин үйрөтүп жатат, эженин билими күчтүү анткени окуучударга багыт берип, аларды карап атат ошол үчүн окуучулары да эжени уят кылбай баарынан биринчиликти алышат. Эмгеги да жерде калган жок грамота дипломдор менен сыйланып келет. Менин оюмча көптөгөн жеңиштерди багындыруусу эженин даярдантканынан жана окуучулардан көз каранды, эки жактан тең бирдей аракет болгон үчүн жеңишке жетишип жатышат да»,-деп сөзүн аяктады.

Гүлзира Манас Таанууга башында катышканыбыздан тарта эле респулбикага жетебиз деген оюбуз күч болчу деди. Алар облусттан 27 топун ичинен баш байгени багындырышкан.

«Манас Таанууга 2017-жылдын октябрь айынан баштап даярдана баштаганбыз. Ар бир адам катышканда сөзсүз түрдө жеңүүүнү ойлойт. Бизде дагы азыркы учурда, республиканы да жеңебиз деген ойлор болгон. Ошентип буюрса май айында республикалык болот, андан да жеңебиз деген ойлор бар. Таймаш өтө катуу өттү. Себеби ар бир топ күчтүү даярдыкта келишкен. Суроолор биздин оюбузча өтө деле ор болгон жок себеби биз сеги томдук китепти түшүнүү менен окуганбыз»,-деди Гүлзира.

 

Республикалык «Манас Таануу» таймашы май айында болмокчу. Учурда окуучулар азыртадан ал таймашка катуу даярдык көрүүшүүдө.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы

Мыкты макала сынагы үчүн