“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Чынылардын жардамы менен музыка чыгарган айым

26 Март 2018 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны: 114

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы  Э.Токсобаев мектебинин физика мугалими Рахат Бозгунчиева кадимки чай ичкен чынылардын жардамы менен музыка чыгарат. Бул ой үй жумуштарын кылып, чынылардан чыккан үндөн улам пайда болгон.

      Uchkun-Zarisovka-CHyny-1

Рахат Бозгунчиева 5 жылдан бери Э.Токсобаев мектебинде физика мугалими болуп эмгектенет. Чынылар менен музыка чыгаруу ою үй оокаттарын кылып жүрүп, чыныларды жыйнаштыруудан улам чыккан үндөн пайда болгон.

“Күндөкүдөй эле үй иштери менен алек болуп жүрүп, идиш аяктар калдырап, кандайдыр бир үндөр чыгып кеткендиктен  музыка чыгарсам кандай болот дедим дагы ар кандай  көлөмдөгү чыныларды алып, 7 нота менен музыка чыгара баштадым”,-деди.

Мектеп окуучусу Медина Таалайбекова эженин бул өнөрүн  биринчи укканда өтө таң калганын жана өзү дагы чыны менен музыка чыгарып көрсө такыр эле окшошпой койгон.

«Мен эжеге өтө таң калдым, башка мугалимдерден өзгөчөлөнүп эженин мындан башка да көп өнөрү бар. Үйгө барып мен деле чыгарып көрөйүн десем, таптакыр окшошпой койгонунан бул нерсе ар бир эле адамдын колунан келе бербейт тура деген ойго келдим»,-деди Медина.

Музка чыгаруу сиздин кызыгуунуз катары калабы же андан ары бул өнөрдү өркүндөткүнүз келеби?  деген суроо бузга төмөнкүдөй жооп алдык.

“Негизи музыканы чыгаруу жана обондорду төп келиштирүү өтө кыйын жана көп убакытты талап кылат. Бир музыканы чынын менен ойноо үчүн  бир эки күн талап кылынат. Ал эми келечекте маанилүү деле пландарым жок. Башка элдер заманбап үлгүдөгү “Деспасито”  сыяктуу ырларды ойнобойсунбу деп жатышат”,-дейт.

Учурда  төрт обондо ойноп келечекте заманбап  ырларды аткаруу планында бар. “Азыр мен 4 музыка чертем. Бош болсом эле  музыка чыгарууга киришем.Балдарым дагы көнүп калышты бул ырды, тигил ыры аткарып беринизчи деп сурай беришет. Азыр планымда заманбап музыка чыгаруу бар. Баарына жеткиликтүү ырларды аткаргым келет бирок эмнегедир кыргыз ырларына эле көңүлүм тарта берет”,-дейт Рахат Бозгунчиева.

Айыл тургуну Назира Болотова төмөнкүлөрдү блгиледи: «Чыны менен музыка ойногонун биринчи интернеттен көрүп өтө кызыгып, таң калдык. Өзү музыкага шыгы бар адам. Рахаттын черткенин көрүп кызыгуу пайда болду, бирок ар бир эле адамдын колунан келе бербейт да. Менин колумдан келбейт, жараталбайм»,-деп сөзүн аяктады.

Эженин бул өнөрүн соц  тармактарда ар кандай талкуулар болуп кээ бири бул өнөр ар бир эле адамга берилбейт тура дегендер да болду.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы

Мыкты макала сынагы үчүн