“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өттү

27 Март 2018 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны: 214

Нарын районуна карштуу Учкун айылында  Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы (Global Money Week-2018) деген долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдар аралыгындагы иштер боюнча отчёт берилди. Чогулушка жалпысынан 300 гө чукул ата-энелер жаа окуучулар катышты.

Сынакты интернетке жарыяланган кулактандыруудан окуп, 12-мартан 18-мартка чейинки бир жумалык аралыкка иш план түзүп жана мектеп директорунан билдирүүнү интернет менен жөнөткөн.

Аталган долбоор Кыргызстан боюнча жүрүп  25 мектеп тандалып алынган. Алардын ичинен Эшбай Токсобаев орто мектеби кирген.

Сынакты Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган.

Бул сынактын максаты окуучулар, элдин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат. Ата-эне менен окуучулардын ортосундагы ачык-айкындуулукту көтөрүү.

Жогоруда белгиленген сынакка катышкан Адилет Бейшаналиев сынак тууралуу кененирээк маалымат берип кетти:

»  Бул бир жумалык сынак 12-марттан 18-март аралыгында. Бул сынактын алкагында окуучуларга акча туурасында жана бюджет туурасында маалыматтар берилет, ачык сабактарды өткөрүшөт жана сүрөт, дил баян сынактары уюштурулат. Ата-энелерге мектептин бюджети боюнча коомдук угуулар жана отчеттор берилет. Сынактын уюштуруучусу – Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилигинин алдында Дүйнөлүк акча апталыгын өткөрүү боюнча демилгелүү топ уюштурган.

Кыргызстан боюнча 25 мектеп тандалып малынмак биздин мектеп 25 мектептин ичине кирип калыптырбыз.

Добоордун аты?

Бул негизи сынак “Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” аттуу. Сынактын уюштуруучусу – Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилигинин алдында Дүйнөлүк акча апталыгын өткөрүү боюнча демилгелүү топ уюштурган. Жыйналыш 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдардын отчету жөнүндө болду. Жалпы ата-энелер мектеп мугалимдери, айыл өкмөтүн адистери, айыл кеңештин депутаттары менен  мектептин бюджети боюнча коомдук угуу өткөрүү болчу»-деди Адилет Бейшеалиев.

Жогоруда айткандай бул бир жумалык сынак 12-марттан 18-март аралыгында жүрөт. Бул сынактын алкагында окуучуларга акча туурасында жана бюджет туурасында маалыматтар берилет, ачык сабактарды өткөрүшөт жана сүрөт, дил баян сынактары уюштурулат.

 

Жобого ылайык сынактан жеңген мектептерге төнөндөгүдөй акча сыйлыктар берилет.

I орун – 40 000 сомго байге;

II орун – 28 000 сомго байге;

III орун – 18 000 сомго байге;

Шыктандыруучу байгелер

Жыйналышка катышкан мектеп чарба иштери боюнча директордун орун басары Ырысбек Мүдүнов өз оюн айтты:

» Буга чейин бюджеттик угуулар болуп турса керек. Мен жумшука быйыл эле кирдим. Ошондуктан так айта албайт экенмин. Бул чогулушту өткөрүү үчүн атайын кулактандырууларды таратканбыз. Көп адам келип катышып берди. Айыл башчы, бир нече депуттар катышты. Жыйналыш мыкты деңгээлде болуп өттү»,-дейт Ырысбек Мүдүнов.

Келечекте 2018-жылы мектепибиздин жылуулук системасы алмаштырылат  бул долбоор Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан 1 миллион сом, айыл өкмөттөн 400 миң сом, айыл тургундарынан 115 миң сом жалпы 1 миллион 515 миң сомдук долбоорду эң жогорку сапатта куруп алуу.

Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.