“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Менталдык арифиметикалык олимпиядадан» Наргиза 2-орунга ээ болду

8 Май 2018 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны: 233

Нарын шаарынын Аска-Нур кафесинде  6-май күнү «Менталдык арифиметика» боюнча олимпияда өттү. Ага Э.Токсобаев орто мектебинен 11 окуучу катышты. Анын ичинен сегиз окуучу финалга өтүп, Наргиза Жолдошбек кызы 2-орунду камсыз кылды.

Э.Токсобаев орто мектебинде «Менталдык арифиметика» ийрими бир жылдан бери  иштеп келет. Аны жетектеп келген математика мугалими Айпери Асанбекова «менталдык» окууну бир ай окуп келген.

 

Учурда ийримге катышкандардын саны 40 га чукул. Бул ийримге 4-класстан 7-класска чейинки окуучулар катышып келишет.

Үйрөнгөн билимдерин бир айда бир жолу тест алуу менен текшерип турат. Мындан көрсөткүчү жогору болгон окуучулар 6-майда олимпиядага барышкан.

Алар Наргиза Жолжошбек кызы, Изольда Жыргалбекова, Шамурзаева  Ализа, Касымакун уулу Аламаз, Мажик кызы Саламат, Руслан кызы Гүлбарчын, Канатова Канышай, Тойчубек уулу Айдар, Мааданов Аала, Жумагулов Төрөбай.

«Менталдык арифиметика олимпиядасында» жалпы 180 окуучу катышкан. Э.Токсобаев орто мектебинин 11 окуучусунун ичинен 8 окуучу финалга өткөн.

Бул туурасында менталдык ийримдин жетекчиси Айпери Асанбекова мындайча сөз кылды:

«Мелдешке 180 окуучу катышты. Биздин мектептен 11 окуучусу барып, анын ичинен 8 окуучум финалга өттү. Финалдан 2-орунду алдып, медаль жана смартфон алдык. Жалпы 20га чукул места болду. Жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша орундар ыйгарылды. Биздин 6 окуучунун ата-энелери да барып катышты»,-деди Айпери эже.

Сегиз окуучунун ичинен Наргиза Жолдошбек кызы 2-орунду камсыз кылып, күмүш медаль жана 6000 сомдук смартфонгот ээ болгон.

Бул сынактын жеңүүчүсү Наргиза олимпияданын жүрүшүн бизге мындайча баяндады:

» Олимпияданын жүрүшүндө биричи турда 7 минутада 20 эсеп он кошулуучуну чыгардык, экинчи турда карта менен  иштедик 6 минутада 16 эсеп болду. Экинчи турунда татаал эсептер болду. Мындан финалга 8 окуучу өттүк»,-деди ал.

Бул ийримге катышкандан тарта ой-жүгүртүүсү, чечкиндүүлүк сапаттарга ээ болгондугун мындайча баяндады:

«Мен бул кружокко катышканыма беш ай болуп калды. Катышкандан бери өзүм чечекиндүүлүккө үйрөндүм. Азыр кружоктон алаган билимдеримди сабактан колдонуп жатам. Кружокко катышканыма аябай кубанам. Негизи Айпери эже мектептен көп окуучунун ичинен эсепти жакшы чыгаргандарды, баллы жогору болгондорду алып барды. Жакшы даярдыктар менен барганбыз. Жеңишке жетем деп деле ойлогон эмесмин. Эми мындан ары да ийгиликке жетүүгө аракеттерди кылып баштайм»,-дейт Наргиза.

Болуп өткөн олимпиядага катышып келеген 6-классынын окуучусу Саламат Мажик кызы өз оюн айтты:

«Олимпияданын суроолору, эсептери жеңил эле болду. Анткени Айпери эже бизди мыкты даярданткан. Эми 8 окуучу Ысык-Көлдө боло турган таймашка катышабыз»,-деди катышуучу.

Финалга чыккан окуучулар июль айында Ысык-Көл облусттунда боло турган олимпиядага катышат.

Даярдаган: Бегимай Алиаскарова.

Сынак үчүн.