“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы 36 жаштагы эң жаш баатыр эне

8 Май 2018 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 87

Нарын районунун Учкун айылындагы тургунуну 36 жаштагы Нурзия Чегриткеева  2015-жылы эң жаш эне аталып, мурдагы президенит Алмазбек Атамбаевдин колунан акчалай сыйлык жана “Баатыр эне” наамын алган. Жаштайынан көп балнын энеси болууга жетишкен жаш баатыр эне менен маек курдук.

Нурзия 1982-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында туулаган. Көп өтпөй Токмок шаарына ата-энеси менен көчүп келип, балалык чагы ошол жерде өткөн. Жолдошу менен ушул шаардан таанышып калып, 1 жума сүйөшүп, бири-бирин сынап жатып турмуш курушкан. Анда Нурзия болгону 17 жашта эле.

“Турмуш жолумду 17 жашымда баштап, 18 жашымда 1-баламды төрөдүм. Учурда балдарымдын эң улуусу 17 жашта болсо, эң кичүүсү мектепке даярдык көрүп жатат. Ал эми 2015жылы 16-майда, 33 жашымда “Баатыр эне” наамын алдым»,-деди.

Албетте көп баланын ырыскысы мол болот эмеспи аны менен бирге  эле кыйынчылыктар да учурунда болбой койгон эместигин  айтып  өттү .

“Башында көп кыйынчылыктар болду, бирок күйөөм экөөбүз тең тытынып иштеп жүрүп алар деле байкалбай калды. Ар бир баланын өз ырыскысы болот экен. Жолдошум балдарын абдан жакшы көрөт.

 

Жолдошум 2 бир тууган болгондуктан, экөөбүз кудайдан тилеп жатып көп балалуу боло алдык десем жаңылышпайм”,-деди Н.Чегирткеева.

Учурда жаш үй-бүлө мал чарбасын курап жатышат. Өздөрү жогорку билим алышпаса дагы балдарын окутууга, татыктуу тарбия берүүгө аракет жасашууда.

“Баарыбыз бала үчүн жашайбыз, балдар үчүн күлүп, алар үчүн кам көрөбүз. Балдарым аябай ынтыкмактуу. Бири-бирине көз салып, чоңу кичинесине жардам берип, аяп турушат. Мындай мамиле балдарымдын табиятынан жакшы кулк-мүнөздөргө ээ экендиги бизди бакытка бөлөйт”,-дейт ал.

Учурда Нурзия жолдошу менен 4 кыз жана 3 эркек баланы тарбиялап жатышат.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн