“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

УАМС ардагерлерине арналган мемуардык эстеликтин ачылышы

9 Май 2018 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны: 352

Нарын районунун Учкун айылында 5-май күнү УАМС катышуучуларына арналган мемуардык эстеликтин ачылышы болду. Айыл тургуну Данияр Коомбаевдин демилгеси менен уюштурулуп,  Улуу жеңиштин 73-жылдыгына карата өткөн иш-чарага айыл тургундары жана 70 тен ашуун аскер кызматчылары келип катышты.

      Estelik-audio

Бул иштин башкы демилгечиси Учкун айылынын тургуну жана азыркы учурдагы  под полковник Данияр Коомбаев болгон.  Мемуардык эстеликке согуштан кайтпай калган аталарыбыздын  аттары жазылды. Ар бир кишинин  атынын тамгасына  10 сомдон акча каражаты балдары жана неберелеринен  чогултулган.

“Элге рахмат, Учкун эли эстеликтин ар бир тамгасына акча чогултушту. Көп түкүрсө көл болот деген ушу да”,-дейт Коомбаев.

Төмөнкү эстликтин бооруна жазылган УАМСта курман болгон аталарыбыздын аттарын айылдагы Тынышов Дүйшөнаалы жана Макеналиев Дүйшөнаалы аталардын айтуусу менен жазылган. Алар айылдагы тылда эмгектенишкендиктен жана согуш убагындагы карылардан эки гана атабыз калды. Бул аталарыбызга ыразычылык иээтинде Коомбаев ак чепкендерин кийгизип, белек-бечкегин тартуулады.

Иш-чаранын башталышында  айылга келген жогорку органдардын кызматкерлери эстеликти ачып, аскер кызматынын адамдары жана жергиликтүү тургундар гүл коюшту.Бул иш-чаранын максаты туурасында Даняр Коомбаев төмөнкулөрдү белгиледи.

“Келечектеги муунга тарбия болсун деп, Улуу жеңиштин 73 жылдыгын утурлай уюштуруп атканбыз. Учкун айылынын өкмөтү жана башчысы, жана классташтарым досторум баарыбыз биригип ушул ишти  уюшутурп атабыз. Мен аскер адам болгондон кийин, көп жерлерди кыдырып жүрөм, бардык жерлерлерде ушундай көп ишчаралар өтөт. Ата-баабаларды эч качан унутпаш керек. Бул биздин тарыхыбыз, бул биздин келечек муундардын тарбиясы. Ошону ойлоп жергиликтүү депутаттар жана айыл башчылар менен кеңешип ушуну кылалы деп, мындан бир жыл мурун ойлогонбуз. Минтип бүгүн ал ой ишке ашып отурат”,-деди под полковник.

Каражатты КРкоргоо комитетинин  төрагасынан буйрук чыгып, аскердик техниканы, бөлүп беришкен.

Учкун айылнын өкмөт башчысы Касымакун Мамырбаев: “Негизинен бул мемуардык эстеликти КРнын куралдуу күчтөрүндө кызмат кылган Данияр Коомбаев агабыздын демилгеси менен жана быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата ушул иш-чараны уюштурдук. Бүгүн улуу күн 5-май Конституция кабыл алынган күнгө жана ага утурлай башка майрамдарды кошуп, чоң  майрам болуп атат айылыбызда. Жогорку органдардан, генерал майорубуздан баштап келип жакшынакай иш-чара болду”,-деди ал.

Данияр Коомбаев Э.Токсобаев мектебине А.Ч.Д сабагына катышкан окуучуларга арнап, аскердик формаларды тапшырды.

Айыл тургуну Куттубек  Өмүрканов: “Абдан жакшы болду бүгүнкү иш-чарабыз. УАМСга катышып, келген жана кайтпай калган да аталарыбыз бар экен, ошого арнап Данияр агабыз чоң иш жасады. Мемуардык эстелик тургузулуп атканда айыл тургундары да келип жардам кылышты. Мындай нерселер дагы көп болсо жакшы болот эле айылыбызга”

Мемуардык эстеликтин ачылышы аяктаган соң мектеп жамааты даярдаган чакан кече болду.

Айыл тургундары өзүлөрүнүн чоң ата жана аталарынын аттарын  эстеликтен сыймыктануу менен көрүп жатышты. Ошондой эле тактага аты жазылган аталардын ар биринин басып өткөн турмушу туурасында китепче да чыгарылып, 200 сомдон сатылды.

Майрамдык салтанат бүткөн соң айыл тургундары жана келген коноктор тигилген чатырларга кирип, аскердик тамактан даам сызышты.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн.