“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Элдин жашоосун оорлоткон көпүрө качан оңолот?

15 Май 2018 жыл 20:13
Көрүүлөрдүн саны: 98

Ак-Талаа районунда  Нарын дарыясын кесип өтуүчү көпүрө 2017-жылы жараксыз абалга келгендикен оңдоо ишине берилген. Эң алгач көпүрө союз учурунда 1967-жылы курулган. Жараксыз абалага келгенде 1981-жылы ремонттон өткөрүлгөн. Кайрадан көпүрө урап баштагандыктан 2017-жылы оңдоо иштерин башташкан. Учурда жөө тургундар өтуучү көпүрөнү суу алып кетип, өндоо-түзөө иштери токтотулду.

Көпүрөдөн Тоголок-Молдо, Жогорку-Май, Куртка, Ак-Кыя айылдары өтүшөт. Бул көпүрө жалгыз жол каттамы болуп эсептелет.

Көпүрө аркылуу Ак-Талаа, Нарын, Бишкек шаарларына катташат. Учурда айылдагы таксистер, тургундар көпүрөнү кечип өтуушүдө.

Урап калган соң Нарын сууну кечип, аркан менен өтүшүүдө. Кичинекей балдарды чоң кишилер муздак, агымы чоң суудан өткөрүп турушууда.

Бул көпүрө бузулгандан тарта айыл тургундары Ак-Талаа районуна, Нарын шаарларына 500-800сом сарпташат. Көпүрөнү суу алып кетет электе Нарын шаарына каттам 120 сом, Ак-Талаага 100сом болчу.

Тоголок-Молдо айылынын туругундарынын айтымында бир топ эле кыйынчылыктар болууда. Мисалга айта кетсек зарыл жумуштар кеч бүтүп, жолдун акчасы эки эссе кымбаттаган, машиналардын бузулуусу көбөйүп, шаарга каттаган таксистер да азайган.

Белгилей кетүүчү нерсе Тоголок-Молдо айылынын калккы 1300 адам жашайт.

Айыл тургун Кемелова Акен апанын айтымында көпүрөнүн оңдолушуна дээрлик эки жыл аралык өткөн. Бул демилгенин автору СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго таандык. Бул тууралуу бизге мындайча баяндады:

“Бул көпүрө эң биринчи солкулдак асма көпүрө менен өтүшчү экен. Бул тараптан Тоголок-Молдо, Жогорку май, Куртка Ак-Кыя жана Тогуз-Торо тараптан машиналар, жүргүнчүлөр катташчу. Бул көпүрө башында асма көпүрөдөн кийин 1967-жылы союз убагында курулган экен. 1980-жылы цементти ортосунан ажырап, анда да кыйынчылык жараткан. Ал кезде тактайларды коюп ажыраган жерлерине анан машиналар өтүп атышчу.  2017-жылы азыркы кезге чейин эки жылга айланып калды. Көпүрө түшүп кетип , чөгүп кеткен  цементтери. Былтыр биртке оңдошуп эле кайра калып калды. Эми азыр жаздан баштап кармап атышты эле. Сүйүнүп жатсак алда болгон жок. Тосуп койгон жерлерин суу кайра алып кетти. Жашоочулардын кыйынчылыгын айтпай эле кой. Биз Жогорку-Май айылынан каттап жатабыз. Бирок жолу начар, таштак жол, машиналардын көпчүлүгү жолдун айынан бузула баштады. Эл үчүн кыйын болду. Биз Ак-Талаага  катташ үчун Жогорку-Май айылынан Сегизинчи Март  айылдары менен каттап 500-800 сом кетирип жатабыз. Машиналардын каттоосу азайды. Биздин таксилер Ак-Талаанын борборуна Кош-Дөбөгө андан нары Нарынга, Бишкекке каттап турушчу. Биздин жашообуз кыйын болуп калды. Нарынга чейин 100 км жол, ал эми Баетовго 100 км ортолору. Биздин жогорку жактагылар көрүп, угуп жатты бекен. Биз дагы эле жогорку жактан үмүттөнүп жатабыз”,-деди Акен апа.

 

Тоголок-Молдо айылынын 48 жаштагы тургуну Бугубаев Токтобек ата өз оюун билдирди:

“Бул көпүрө Тоголок-Молдо айылына да тиешелүү. Ушул көпүрөнүн алып кеткенине мына быйыл бир жыл болду. Андан бери бүтпөйт же бүтпөйт деп айтпайт. Бүттү мынча акчага курулду деген да киши жок.  Биз дагы эптеп акча таап көпүрөнү куруп жатабыз. Ордундагы цементтерди чагып, ордуна эптеп куруп жаткандыгыбызга сүйүнгүлө деп айтышат”,-дейт Токтобек ата.

Учурда көпүрөнүн урашы бир гана айылга эмес, төрт айылга да кыйынчылыктарды алып келүүдө.

Даярдаган: Бекмурат кызы Бегимай.