“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Айыл башчынын иш-аракеттери жана алдыдагы пландары

14 Июль 2018 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны: 139

Нарын районунун Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов менен келечектеги жана учурдагы иштери туурасында маек кылдык.

Айыл башчы болуп кызматынызга киргенден баштап, кандай иштер аткарылды?

-Айыл башчы болгонума бир жарым жылдын жүзү болду. Айылдагы орчундуу маселенин бири арыкка келчү суу болчу. Өнүктүрүү банкынан 100 000 миң сом утуп алдык. Ал эми элден 40 000 миң сом чогултуп Көк-Жар менен Учкундун башына дамба курдук, 140 000 миң сомдук. Согуш ардагерлерине деп Данияр Коомбаев агабыз демөөрчү болуп, 500 000 миң сом акча каражатына эстелик ачтык. Азыр болсо АРИС программасы менен иштешип, айылга мал эмдөөчү раскол салып атабыз. Кудай буюрса 15 күндүн ичинде ачылышын беребиз. Мектептеги жылытуу системасы начар болуп, проектинин негизинде акча утуп алып сентябрь айына чейин мектепке паравой салабыз.

Айылдагы маселенин көптүгүнөн, кээде аларды чечүү жолу чыкпай калганда өзүнүзгө болгон ишенимди жоготуп койгон учурларыныз болдубу?

-Кээде өзүң бушайман болосуң, маселелер чечилбей калса. Андай учурлар өтө деле көп болбойт. Көп эле маселе бар, чечкенге аракет кылабыз. Үмүтсүз шайтан, дейт эмеспи.

Кызматыныздын он жана терс жактарын айта кетсениз? 

-Он жагы бир жакшы жумуштарды баштап, бүтүрүп алсаң кадимкидей жеңилдеп, өзүңө ыраазы болуп сүйүнөсүң. Ал эми  жаман жактары  уйу кирип кетсе деле, үйүн суу каптап атса деле, бирөө таштанды ыргытса деле баары эле келе берет да. Ошол жактары бар. Бизде тан атпай деле түндөсү деле эл келе берет.

Айыл башчы болгонго чейин өзүнүзгө эң биринчи кандай максат койгонунуз эсиниздеби? Жана ошол максатынызга жеттинизби?

-Ооба, биринчи эле койгон максатым таза суу болчу. Максатыбызга жеттик. Өткөн күнү суу боюнча проектибиз өтүптүр. Нарын районунда суу боюнча өткөн 15 айыл бар экенбиз. Анан 2020 жылга чейин буюрса бүтөт.

Аткарган кызматыныз, өзүнүздү канчалык деңгээлде канааттандырат деп ойлойсуз?

-Оор суроо экен.  Дагы маселелер көп, толук жетише алган жокпуз. Жарым жартылай десем болот болуш керек.

Биздин айылданы эң орчундуу маселелерден санап кетсениз?

-Эң негизги көйгөй эле таза суу болуп атат. Андан кийинкиси айылдын тазалыгы. Жана малдарды эмдөөбүз начар болуп атат. Кээ бири эмдетпей да коюп атат.

Ал маселелерди чечүүгө кандай аракеттер көрүлдү жана жыйынтыгы кандай болуп атат?

-Таштандыны кыштатан бери тазалап, төккөндөргө үйүнө чейин барып эскертип, штраф салып, астын сүрөткө чейин тартып атабыз. Мусурду көчөнүн боюна төгүшчү, алар токтолуп эле калды.

Эми алдыдагы пландарыныз менен бөлүшө кетсениз?

-Күзгө чейин мектептин жылуулук системасын бүтүрүү. Айылдын уставын бекитип алсак деп атабыз. Анан айылдын өйдө жагындагы Тоок сарайга көпүрө салып алсак деп турабыз.

Даярдаган:Жанара Баялиева.

Жайкы мектепке катышуу үчүн.

Маек телефондон жазылды.