“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Токсобаев мектебине жылуулук системасы коюлат

14 Июль 2018 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 101

Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине 2014-2015-жылдары 140 жылыткыч келип, алардын 60ка жакыны жарактан чыккан. Класстар суук болгондуктан окуучулар кийимчен олтурушчу. Проекттен 1миллион сомго ээ болушуп, сентябрь айына чейин жылытуучу система коюлат.

Проекти боюнча айыл башчы Ж.Исмаилов өз сөзүн айтты:

-Бул проекти 2017-жыл бүтүп атканда жазылган. Буга Касымакун Мамырбаев, Бакыт Кайыпов чуркаган болчу. 1 миллион акча каражатын утуп алдык. Негизи жылуулук системасын коюууга 1, 5 000 000 каражат керектелет. Айылдагы 400 түтүнгө 300сомдон бөлүп, жүз миң сом тургундардан  ал эми 400 000 мини жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

11-классынын окуучусу Айдай Капарованын айтуусунда жылыткычтарды окуучулар ойноп тээп кетип, колунан түшүрүп алганынан ого бетер эскилиги жеткен жылыткычтар жарактан чыкты.

-Кээде жылыткычтар токко сайылбай, иштебей калган кундор болот, ошондо курткаларыбызды чечпей отурабыз. Менин оюум боюнча быйыл жылыткычтар жетишсиз болуп калды. Ошол эскилиги жеткен жылыткычтарды балдар ойноп баратып тушуруп , тээп, кулатып алышат ушундан улам да эскилиги жетип калат.


Э.Токсобаев мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары Рысбек Мүдүнөв жылыткычтар туурасында маалымат берди:

-Жылыткычтар 2014-1015-жылдары мектепке келип түшкөн. Болжолдуу 140тын тегерегинде жылыткычтар келген. Учурда жылыткычтардын абалы өтө эле начар, четинен керектен чыга баштады. Булар убактылуу болгондуктан сапатсыз болуп, жылдан-жылга сапаты кетип баратат. Азыр 60ка жакыны иштен чыгып, калгандары турат. Бирок аларга да кепилдик берүүгө болбойт. Гарантиясы 4 жыл болчу, бирок ага жеткен жок.

Окуучулардан да, өзүнүнүн сапатынан да кетип атат. Жөн турган жылыткычтарды ары бери жылдырышып, ар кандай сепептери бар да булардын бузулуусуна. Иштеп жаткан жылыткычтарды эксперттик комиссиябыз бар, ошолор менен топтолуп баарын санап, атайын бир складка жыйнайбыз.

Мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Темирбекова:

-Класстарыбыз суук болуп, кийимдерибизди кийип алып сабак өткөн учурлар көп эле болгон. Класстардын кээ бири суук эле болду. Жылыткычтардын эскилиги да жетип, ар ким ар кандай пайдаланды. Буюрса паравой салынып, сабак дагы көңүлдүү, класстар да жылуу болот.

Жылытуучу системаны август айынын 20ларында кое башташат. Буга чейин окуучулар кээ бир суук класстарда кийимчен олтуруп сабак өтүшсө, эми бардык бөлмөлөрдө жылуулук болот.

Даярдаган: Жанара Баялиева.

Жайкы мектепке катышуү үчүн.

Жанылык телефондон жазылды.