“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы он депутаттын ичиндеги жалгыз айым

14 Июль 2018 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 100

Нарын районунун Учкун айылында 2016-жылы айылдык депутаттарды шайлоодон айымдар арасынан Бурулсун Мурзалиева жалгыз талапкерлигин коюп 210 добуш менен өткөн. Учурда 10 депутаттын ичиндеги жалгыз айым.

Алгач талапкерлигин эмне үчүн койгону туурасында айтты:

-Мен талапкерлигимди эл үчүн иштесем, айылымдагы жүрөк оорутаарлык маселелерди чечсем, аз болсо да айылымдын өнүгүшүнө салым кошсом деген максат менен талапкерлигимди койгом.

Кызматына киришкенде башында элден оң жана терс пикирлерди уккан. Бирок эл үчүн иштеп жаткандыктан ал пикирлерге көп терикпегенин айтты.

Бурулсун эженин айтымында иштеген ишинин жакшы жагы элди ойлонткон маселелерди чечүү болсо, ал эми терс жагы анча көп эмес. Кээде бюджеттен акча талашып, жаман-жакшы айтышып урушуп кеткен учурларда.

Кээ бир күндөрү талапкерлигимди койбой эле койсом болмок деген ойлор болдубу? Деген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык:

-Эми андай учурлар кээ бир эле кездерде болду. Азырынча боло элек. Ал эми өкүнгөн учурларда эл үчүн иштеп жатпаймынбы деп өзүмдү тынчытам. Бирок ал күндөр деле өтүп кетет экен, күн өткөн сайын унутуп деле калат экенсин.

Депутат айым бул ишинен башка Токсобаев мектебинде лаборантка болуп иштейт. Кээде эки жакка тен жетишпей калган учурларда балдары түшүнүү менен карашат.

-Балдарым ошондой учурларда үйдөгү бардык иштерди кылышат. Караңгыда келип, эртеменен эрте кеткен күндөр болду. Ошонун баарына унчукпай эле келе жатышат. Менин депутат экениме уулдарым сыймыктануу менен карайт. Элден чыкпаныз апа деп гана турушат.

Жалгыз аял депутат деп, башында көнүл бөлбөй же сизди бөлүп койгон учурлар болдубу? Дегенибизде төмөнкү жоопту кайтарды.

-Андай учурлар болгон жок. Себеби бирөөнөн кийинки улуусу мен экенмин. Эже мындай иш кылалы деп кенешип эле турушат. Онообуз өтө ынтымактуубуз, ынтымактын негизинде көптөгөн маселелер чечилди. Буюрса 2 жылыбыз калды, ага чейин жакшы иштерди кылалы деп атабыз.

Талапкерлигим өтпөй калат деген ойлор өтө көп болгонун жана ошол учурдагы сезимдери менен бөлүштү.

-Андай ойлор өтө катуу болгон. Шылдың болбосом экен, өтүп калсам экен дедим. 210 добуш алдың дегенде кубандым. Талапкерлигимди коюп көрөйүн, эл кандай кабыл алат дегем. Бирок талапкерлигимди колдоп беришти. Эл мага ишенич менен беришти. Ойлогон эмесмин мени ушунча киши колдойт деп.

-Биздин кандай иштеп атканыбызды эл карасын, эл сынчы, эл таразалачы деп коет эмеспи.

Төмөнкү кызматтардан тышкары гүл өстүрүү эженин хоббиси. Учурда үйүндө 15 гүлдүн түрүн өстүрөт.

Келечекте депутаттар жолдорду оңдоо, көпүрө куруу,жайыттан акчаларды чогултуп алуу деген айылдын иштер пландарында.

Даярдаган: Жанара Баялиева.

Жайкы мектепке катышуу үчүн.

Жанылык телефондон жазылды.