“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Айыл эли жана мектептин кышка даярдыгы кандай?

4 Ноябрь 2018 жыл 20:03
Көрүүлөрдүн саны: 110

Нарындын Учкун айылында кышка даярдыктар башталды. Көмүр баасы 3500 сом, көңдүн баасы 4000 сомдон сатылууда. Ал эми мектепке электрдик-отопления коюлуп, 10 күндүн ичинде ишке берилет. Малдар болсо тоодон арык түшүп, оорулар көп катталууда.

Учкунда эки мектеп бар, биринчисинде 4-класска чейинки окууучулар окуса, экинчи корпуста 11-класска чейинкилер окушат. 1- мектеп көмүр менен жылыйт, 2-меткепке электрдик-отопление болжол менен 10 күндүн ичинде коюлуп, ишке бериле баштайт.

«Быйыл негизи кыш суук болот деп атышат. Мен үйүмдө кышка даярдыкты баштай элекмин. Мектепте иштегениме байланыштуу, убактым да тар болуп жатат. Буюрса көмүр, көң алабыз. Негизи айыл эли үчүн көмүр баасы кээ бир шарты начар жашаган үй-бүлөлөр үчүн кымбат болуп калат экен. Ушул төрт жылдан бери анын баасы 800-600 сомго кымбаттап кетти. Бирок жан керек экен да, баарыбир кыштан чыгыш үчүн баасы канча болбосун алат экенсиң»,-деди Токосбаев мектебинин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Рысбек Мүдүнов.

«Биздин кышка даярдыгыбыз жакшы. Көмүр, көң, малга тоют чөбүн да камдак алдык. Быйыл кыш суук болуп жетпей калбасын деп жетишинче жакшы эле камдадык окшойт. Биз мончо дагы иштеткендиктен мурдакы жылдары көң бир аз жетпей калган. Кыш бизде узак болот эмеспи ошого байланыштуу жаз келейин деп калганда кошумча малга чөп жана көң алган элек»,-дейт Учкун айылындагы “Раушан” балдар-бакчасынын тарбиячысы Айнура Арунова.
-Үй-бүлөмдө кышка даярдыгыбыз абдан жакшы. Биз үйдө алты адам жашагандыктан, кышка эрте эле даярданып койгонбуз. Азыр айыл суук эле болуп калды, азыртадан баштап көмүр жагып атабыз. Негизи бизде кыш абдан узак болот, ошол үчүн тоют чөптү да эрте камдаш керек. Менин үйүмдө кыштан жыл сайын жакшы кыйналбай чыгабыз, балдарым жайында ошончо иштеп, кышында анын үзүрүн көрүп эле атабыз»,-деген оюн песионер Кемелжан Мамбеталиев билдирди.

Э.Токсобаев мектебинин директору Назира Касымбекова: «Жаны мектебибиз электрдик-отопления менен камсыз кылынат. Буюрса каникул убагында бүтүп калат. Экинчи корпусубуз туурасында айта турган болсок, терезе жана эшиктердин бардыгы жылууланып атат, көмүрүбүз болсо айыл өкмөт тарабынан 70 тонна келип түштү, эми дагы 10 тонна түшөт. Ошону менен кышкыга даяр болобуз. Быйылкы жылы жылдакыга караганда көмүр көп келип түштү, көмүрканабызды салууга айыл өкмөттөн 250миң сом бөлүнүп берилген, быйыл ал акча кеч которулгандыгына байланыштуу эмки жылы жаңы көмүркана менен камсыз болобуз».
“Быйыл малдар жылдагыдан бир аз арык түштү. Себеби быйыл жаан-чачын аз болуп, чөптүн чыгышы кеч болуп, жакшы чыкпай, малдар арык болуп, оорулар да көп болду. Майда жандыктарды эчки, койлорду багуунун баасы ар бир башка 35-40 сомдон, уйлар 150сом, топоздор 200сомдон болуп, ушундай баада болуп атат. Бул баалар өкмөттүн токтому менен айыл башчы жыйналыш жасап, тургундар жана малчылар менен биргеликте сүйлөшүп коюлган баа”,- деди Рысбек Мудунов.

Учкун айылынынын тургундарынын кээ бири кышка толугу менен даярданып бүтсө, кээ бири толук бүтө элек. Быйыл жаан-чачын аз болуп, чөптөр жакшы чыкпай, мал да арык болду.

Даярдагандар: Айтаалы Эркинбек уулу, Жанара Асанкул кызы.

Мыкты макала сынагы учун.