“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын тарыхы

4 Ноябрь 2018 жыл 22:01
Көрүүлөрдүн саны: 280

Учкун айылы Нарын районунда жайгашкан. Айыл Нарын дарыясынын сол жээгинде 90км алыстыкта орун алган. Биз айылдын туптолушу жана бул аттын коюлушу туурасында жазган жанылыгыбызды сунуштайбыз.

1. Учкун айылынын түптөлүшү жана бул аттын пайда болушу.
2. Учкундан чыккан, өзгөчө касиетке эгедер улуу инсандар!
3. Айтылган уламыштары чындыкка дал келген кызыктуу жерлер.

Учкун айылынын түптөлүшү жана бул аттын пайда болушу туурасында айылдын саналуу гана аксакалдары, билгичтери ,маалымат беришти. Жашы улгайып көптү билген аксакалдардын көзү өтүп кеткендиктен, айылдын тарыхын билген инсандар чон аталарынан жана тургундардан уккан маалыматтары менен бөлүштү.

Токтосеитов Сүйөрбек: 1932-жылы төрөлгөн. “Учкун” айылы кантип түптөлгөндүгү жана аталышы боюнча 1942-жылы төрөлгөн атасы Токтосеит Такембаевден уккан маалыматтары менен бөлүштү:

-1928-жылы Токтосеит атам сугатчыларга тамак жеткирип келе жатса, колунда картасы бар 4 атчан киши жолунан жолугат. Алар казак, татар, орус жана кыргыз улутундагы 4 киши экен. Алар атамды токтотуп, “Кайдан келе жатасыз? Бул эмне болгон жер?”,- деп сурашат. Ал 4 киши картасын көрсөтүп, Ыссык-Көлдөн бери жер-суунун аттарын атап жана картага түшүрүп келе жаткандарын кабарлашат. “Бул жердин аты кандай? картага түшүрөт элек”,- деп сурашат.
Анан Токтосеит атам Буугантал деген коктубуз бар эле, ошону айтып бул жерде деп көрсөтсө, анан татар адам бул жерде көк жар турбайбы? Ушуну коюп койсок кантет дейт.

Ошол кезде чап болгон, көк тумшук бар экен, жары көп-көк болуп көрүнүп тураар экен, ошентип бул айылдын атын Көк-Жар деп атап кетишиптир. Көк-Жардан кийинки айылга өзүнчө ат коебуз дешет. Себеби экөөнү бөлүп турган аң бар эле.

Эки айылды бөлүп турган аңдын, учурдагы көрүнүшү.
Анан ошол жерде Ак коргон деген чоң бейит бар экен, Ак-Талаадан келе жатканда алыстан эле көрүнчү. Орду азыркы эски мектеп салынган жерде. Ак-Коргон коелу анда дешкенинен Токтосеит атам айтыптыр коргону жок эле тирүүлөй эле нерсенин атын койбойбузбу десе. Бир орус “Давайте! Пусть будет “Искра” дептир. Искраны эл түшүнбөйт, кыргызча койгулачы десе анда кыргызчасы “Учкун” дешиптир. Ошентип ал 4оо бул айылды Учкун, 2-айылды Көк-Жар деп картага түшүрүп кетишкен экен. Кийин Көк-Жар айылы колхоздоштуруу болгондо “Каганович” деген колхоз болгон. 1931-32-жылдары эки айыл “Учкун” деген ат менен бириктирилет. Бул менин Токтосеит атамдын айтуусу.

Кадыркелов Токтогул: 1932-жылы Жылан-Арык айылында төрөлүп, бала кезинен тарта Учкун айылында ушул кезге чейин жашайт. (Көзү азиз болгону менен уламыштарды укмуш айткан, жамакчы адам) Айтуусу: “Мыкаачынын үңкүрү”, “Кыз Мазар” уламыштары. Аларды чоң атасынан, айыл тургундарынан уккан.

Мыкаачынын үңкүрү”.
-Илгери качкын адамдар Учкундан күн батыш тарапта жайгашкан жерге барып үңкүргө жашынып, ары-бери өткөн адамдарды талап-тоноп, өлтүрүп, болгон буюмун тартып алып, өзүлөрүн өлтүрчү экен. Ошондон адамдар ал үңкүрдөн өткөндөн коркуп, кийин “Мыкаачынын үңкүрү” деген атка конгон экен.
Кыз Мазар.
-Илгери жоокерчилик заманда Жаңыл Мырза деген ашкан баатыр кыз болуп, аны 40 кыз жандап жүрчү экен. Анан Калмактар элди талап-тоноп, адамдарды олжолоп алганында Жаныл Мырза баштаган 40 кыз кламактардын артынан барып, алардын мизин кайтарып келишет. Жолдон душмандын мизин кайтардык, эми эс алалы деп, булакка жуунуп аткан жринен Калмактар артынан келип, байкатпай найза менен сайып өлтүрүшкөн делет. Анан ошондон 40 кыздын көзүнөн тамган жаштан булак куралып, дөбөчөгө сөөгү коюулуп, азыр анын эң чокусунда азыркыга чейин таяк сайылып турат. Мына ошондон Кыз Мазар деп айтылып калган.

Качкынбай Токтомушов: 1939-жылы Ак-Муз айылында төрөлгөн. “Шадыбай сыйкырчы”, “Учкун” айылынын аталышы жана “Андаш ата” туурасында карылардан жана эл оозунан уккандарын айтты.

       Сыйкырчы Шадыбай ата.
— Шадыбай деген сыйкырчы жөнүндө карылардан уккам. Шадыбай абышка өзү сыйырчы киши болгон. Мындай өзгөчөлүктү Алла Таалам шыбаа кылган экен. Ал дуба кылып, эмне кылам десе ошону жасачу экен. Союз маалында Азыркы милициянын ордун Кызылчок деп коюшчу. Шабдыбай абышка келе жатса Кызылчок алдынан чыгып, минип турган атынызды мага бериңиз мен бир жерге бараткам дейт. Анан Шадыбай мен карыган киши болсом, жөө баса албайм дегенине болбой, атын тартып алып, чапкан бойдон кетет экен. Чаап кетип, бир топ узап баргандан кийин, дуба менен атты кайрадан аркасы менен бастырып келип, көк боор туудуруп жалаткан деген имиш бар. Бул нерсе чындык дешет.
Анан дагы бир уламыш айтылып жүрөт: Биздин айылда Азыкбаев Мукаштын атасы убагында дүкөнчү болгон экен, анан акчадан сынып Шадыбай абышкага келип, эми биртке акча жасап бериниз, карызымдан кутулайын дейт. Бул ишибиз жарабайт бала-бакырама зыян келбесин дегенине болбой, акча жасайт.
Ошентип Шадыбай гезитти алып келип, аны акчанын көлөмүндө кестирип, сураган акчасын жасап берет. Акчаны 3 күндүк кылып жасап берип, эгер 3 күндөн өтүп кетсе гезитке айланып калат, 3 күндүн ичинде карызыңдан кутул деп жасап берген экен.
Шадыбайдын ырчы Айша деген жубайы бар болчу. Экөө чабан болуп жүрчү. Кийин Бишкекке кетишти, алардын 3 баласы бар эле. Улуу баласы Бууганталдын башынан карагай алабыз деп келип, каргай атып кетип, басып калып каза тапкан. Андан кийинкиси дудук бала эле, анын бар жогун биле албайм. Андан кийинки мени менен тең Кубан деген баласы менен Куланакта 8-класста чоогу окуганбыз. Кийин кийин эле ал бала да жок болуп кетти. Шадыбайдын кантип каза тапканын билбейм. Жанагындай сыйкырларды жасап, тукуму азыраак болуп калган дешет.
              Учкун (Ак Кумбоз)
-Жерибиз адегенде Ак-Күмбөз деп аталган экен. Уруусу жетиген Байдөбөт дегендин бир баласы Арпа жайлоосунан каза болот экен. Ал Байдөбөт бай киши болот, ал киши Анжиянда жүргөндө Арпадагы баласы каза табат. Байдөбөт баласынын кабарын угуп, келип. Түштүк жактагы сарт усталарды алып келип, Ак Күмбөз деп, күмбөз салдырган экен баласына. Анан сөөгүн Арпадан жүктөп келип, ичине койдурган дейт. Сыртын сырдатып, ак болгондуктан, ошол менен Ак Күмбөз аталып калган экен. Андан кийин совет бийлигинин учурунда орустар ат койгоно келип, орусча “Искра” деп койгон экен. Эл түшунбөй кыргызча коюп бергиле деп анан “Учкун” коюлат экен. Биз ошондон Учкун атыккан экенбиз. Ага чейин “Учкундун” аты Ак Күмбөз экен.
                    “Андаш ата”.
Андаш ата негизи соодагер киши болуп, соода менен оокат кылып, соода менен атак даңкка ээ болгон киши деп уккам. Убагында соодасы абдан жакшы жүрүп, алдыга озуп чыккан кезинде Андаш атаны өзбек соодагерлер өлтүрүшкөн делет. Себеби ичтери күйүп, бул Андашты эртерээк жоготпосок болбойт деп ойлонушат. Андаш ата өзү мантыны абдан жакшы көрүп жечү экен, бир күнү өзбектер манты жазап, мантынын ичине ысык күрүчтү салып, кайра мыздак сууга сыртын муздатып туруп Андашка беришет, андан 6-7 сугунуп алып жолдо кетип баратып тамагы күйүп каза тапкан экен деп чон аталарым жана кары аксакалдардан уккан элем.

Уулбала Өмүшова: 1964-жылы Нарын районунда туулган.

Чоң атасы Өмүш Текебаев “Учкун” айылынын селсовети болуп турган кезинде орустар келип өткөргөн жыйналышта “Учкун” деген ат коюлган.

        “Учкун” деген аттын                         коюлушу.
Мен өзүмдүн чоң атамдан уккандарымды айтайын. Текебаев Өмүш, болжол менен 1920-жылы төрөлгөн чоң атам өзү эмгекчил, коммунист болуп иштеп, эл оозуна алынган эмгекчил киши болгон. Өзүнүн айтуусунда согуш убагында биздин үйгө селсовет киши келип жашаптыр. Чулдурап сүйлөгөн киши экен, жууркан-төшөгү менен келип жашап, атам согушка мени жиберген киши ушул болчу дейт. Ал кезде согушка кишилерди Казанкуйган деген жерден бөлүштүрүп, даярдык көрсөтүп анан ошол жерден согушка жөнөтүшчү экен. Атам ошол жерге барса сиздин атыңыз тизмеде жок экен, кетиниз кайра, сиздей адамдар айылга керек деп, мени кайра жиберген дейт. Келсем үйдөгүнүн баары согушка кетиптир деп, кайгырып олтурушуптур дейт. Баякы селсоветти урушайын деп келсем, качып кетиптир. Мына ошонун ордуна анан селсовет болуп чоң атам дайындалыптыр.
Селсовет болуп жүргөндө, Көк-Жардагы элдер Бууганталда жашачу экен, Учкун жактагылар Ак-Булак айылы деп ошол жакта жашачу экен. Ушул эки айылды жол өткөн жерге бириктиргиле деген буйрук берилген экен. Ошондо элдин көбү каршы чыкты дейт, биздин ата тегибиз өйдө жакта болсо, жолдун жээгине көчүп келбейбиз деп. Ошентип бириңдеп менин сөзүмдү уккан кишилер көчүп келе баштады. Уламдан улам элдер акырындап отурукташа башташкан экен. Ошентип бул айылга ат берилиш керек деп, орустар “Искра” деген атты беришип,ал атты орусча болуп калат дешип, “Учкундан жалың тутанат” , айылыбыз жалындапр өсүп өнугө берсин деп “Учкун” деген ат коюлган экен. Бул ат атам селсовет болуп жургондо коюлган экен.
              Шадыбай ата
Шадыбай ата туурасында кайын энемден уккам. Кайын энемдин аты Мамытова Гүлмайрам, 1910-жылы төрөлгөн. Жамакчы киши болгон, бала чагында Шадыбай ата деген сыйкырчыны угушуп, аны сыйкырчы десе ишенбей кызыгып барышат, ошондо Шадыбай ата койдун коргоолун алып, бизге момпосуй жасап берген деп бала кездеги таң калуусун көп айтуучу.
Бир күнү коңшу Куланак айылынын кишиисине биздин айылдан бир кишиге кой карыз болуп калып, төлөп бер деген кезде, Шадыбай ата айылдын иттерин чогултуп туруп, кой кылып ал кишинин короосуна киргизип берген экен. Шадыбай атанын сыйкыры үч күн гана турчу экен, үч күндөн кийин ал кайтып кетчү дейт. Эртеси баякыл киши короосун ачса ажылдаган иттер болуп калганынан айткан экен. Бул Шадыбайдын гана колунан келген иш тура деп түшүнүп, карыз болгон кишиден кайра кой сураган эмес экен.

Тениз Кийизбай уулу. 1954-жылы Ак-Булак деген айылында төрөлгөн. Учурда айтылуу “Андаш” атанын ысымынан коюлган Андаш тоосун жердейт.

-Атамдан жана чоң атамдан укканым боюнча Андаш ата Ак-Булак өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы жондо “Андаш” деген, азыкры мен жашаган жерде жашаган экен. 1990-жылы ал жерге ээ болуп, ошондон бери сарайда мал багам. Андаш ата Анжиянга чейин барып соода кылган, сооданын жана малдын аркасынан болуштукка чейин жетип, шайланайын дегенде кырсыктап каза тапкан делет. Болжол менен 1928-жылдары каза тапкан. Андаш бала кезинен жетим өсүп, ал-күчкө толуп калган чагында айтылуу Кыз-Мазарды тешип чыккан суунун агымын буруп, тоо бетине арык казып, бак олтургузган. Кызыгы азыркыга чейтин Андаш ата тиккен дарактар, алигиче өсүп турат. Андаш ата бул эле эмес, элге көп жакшылык кылып, көп алкыш алып, убагында “Андаш Ажы” болуп атыгып, учурда анын аты өзү бактарды тиккен тоого “Андаш тоосу” деген ат берилген.
       Жамакчы Баяаалы ата.
Баяаалы чоң атамды жазып калган киши болгон эмес, жазып калганда бул кишинин жамактары, айткан сөздөрү Токтогул Сатылгановдукунан кем эмес болчу. Бир жолу Эшбай Токсобаев деген деген адам жаш чагында түлкү уулап жүрүп, качырып ийиптир мына ушун айткан жери бар экен:

“Эшбай акем молдосу, тогуз экен жолдошу.
Аксакалы Тынаалы, адырдагы түлкүнү алмайынча тынабы?
Кудуп-күлүп жойногон, куудан түлкү койбогон,
Аңдып күлүп жойлогон, аңдан түлкү койбогон аксакалы тынабы?”,-
деп ырдаса. Бул ырыңды ырдабай эле кой, деп чапан жаап, жаагын басышыптыр. Болбосо айтылып калмак экен да, эл оозунда сөз болуп. Толугу менен билчү элем жамактарын, жаш өтүп унутуп калган экенмин.
Баяаалы ата орто жаш куракка келип калганда, кадимки ырчылардай жер кыдырып, айтыштарга түшүп жүргөн чагында Ат-Башылык бир кемпир менен айтышып утулуп калат, ыза болгон Баяаалы ата катуу даярданып туура бир жылдан соң ошол кемпир менен айтышып утуп келген экен. Эгерде учурунда Баяаалы атага көңүл бөлүнгөнүндө чоң жамакчы, ырчы, комузчу экендигин элдер сыймыктануу менен айтып олтурушмак. Жаш кезинде болгон чындыкты айтып ырдаган, баардыгына сын берген адам экен. Бир жолу чүкөө ойноп жүрсө бир ырчы мактанып ырдап жаткан экен:
Мен Балыктын уулу Найманбай,
Айта берем ар кандай.
Бирөө бирөө сөздөрү сөөмөйү менен сайгандай,
Бирөө бирөө сөздөрү кар жилиги кара тайгандай. Деп Найманбай аттуу ырчы мактанып жатканда, Баяаалы чоң ата кирип келип айткандагысы:
Сен Балыктын уулу Найманбай,
Айта бердиң ар кандай.
Бирөө бирөө сөздөрү сөөмөйү менен сайгандай,
Бирөө бирөө сөздөрү кар жилиги кара тайгандай.
Тайган болсоң бок жейсиң,
Айбан болсоң чөп жейсиң. Деп айтканда Найманбай караса чүкө ойноп жургөн жаш бала экен. Анан Найманбай мындай дептир:
Сен чечен бала экенсиң,
Чечекке кетээр бекенсиң.
Чыйрак бала экениң,
Чычкакка кетээр бекенсиң.
Мен барам Ыдырыстын тоосуна,
Ээ балам, зым кара таш оозуңа.
Анан Баяаалы ата Эшикти караса мамыдагы тор чунак аты, мындай караса сакалы буурул тарткан адам экен. Ошондо карап туруп Баяаалы ата мындай дейт:
Сакалыңдын агында,
Сапарга кетээр чагыңда.
Мурутуңдун агында,
Букарга кетээр чагыңда.
Алдыңдагы тор чунак,
Тор чунакты сойсоңчу.
Карыганда Найманбай бок жегенди койсоңчу деп, “Кармагыла! Бул баланы” дегенде качып кеткен экен.
               Тоок Сарай
Баялиев Алияскар 1932-жылы Ак-Булак айылында төрөлгөн. Азыр бизде Тоок сарай деген жер бар, ушул ат Алияскар атадан калган. Советтер Союзунда ушул жерде 1000ге чукул колхоздун тоогун баккан. Өзү 2-группадагы майып болгонуна карабай, жумурткаларды колгозго төгүп иштечу. Ары-бери өткөндөргө казан менен толтура жумуртка бышырып койчу. Талаанын баары жумуртка болуп, кээ бир кишилер уурдап кетчу экен. Айылдын балдары кээде жумуртка жеш учун Тоок сарайга качып барышчу экен. Ошондон Тоок сарай деген ат калган. Азыр ал жерде айыл тургундары мал багышып, менчикке өтүп кеткен. Мындан башка Алияскар ата өтүк ултарып, почтодо 40 жыл өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген.

Дүйшөналиев Медет 1961-жылы Учкун айылында төрөлгөн. Атасы Дүйшеке Мусаев атагы чыккан уста, Учкун айылында биринчи жолу тегирменди таштан чаап ойлоп таап, иштеткен адам.
1926-жылы атам Дүйшеке Мусаев Учкун айылында төрөлгөн. Согуштан келгенден кийин 1948-жылдары Суук-Капчыгай деген тообузда таштан аки бышырган экен. Эмгек жолун устачылык менен баштаган. Ат-Башы айылында 5 жыл уста болуп иштептир, кийин Нарындан чоңдор келип атамды алып кетебиз, мыкты уста экен дегенинде Учкундун эли барып Дүйшеке устабыз кетсе эмне кылабыз дешип кетирбей алып калышкан экен. Атам таштарды чегип, тегирмен ойлоп тапкан. 1967-жылдары Учкун элине биринчи жолу тегирмен орнотуп, кийин коңшу айылдарда да таштарды чаап, андан тегирмен жасап жүрдү. Атам үй-окатынан тарта эшиктин буюмдарын бүт жасачу. Азыркыга чейин жасаган буюмдарын колдонуп келебиз. Атамдын устаканасы азыркыга чейин сакталуу. Учурдагы Учкун айылындагы карагай тилген пиларам атамдан калган. Элдер азыркыга чейин аны урунуп, иштетип келишет. Өмүрүнүн акырына чейин устачылык менен өткөрдү, азыр атамдан калган ишти балдарым улантууда.
Гүлмира Жумагулова Учкун айылындагы Э.Токсобаев мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим.
Туту атанын аты чоң көчөгө коюлган. Тылда эмгектенип, убагында башкарма болуп, ушул айылды жетектеген адамдардан болгон. Өзү иш билги, жөн билги, элдин арасында калыс, ар кандай маселелерди чечкен, калыстык кылган адам болгон. Ооруп, өзүнүн оорусунан өзү айыккан экен. Чоң табыпчылык кылган, көп элдин сообуна калып, элди айыктырган. Эң негизгиси сөөк кармаган тукумунда бар экен. Ал убакта трамвага барган адамдар аз болгон, колу чыгып, сынып кеткендерге шакшак коюп дарылаган. Өтө көп чөптүн тилин билген экен. Үйүндө бир бөлмөсү бар эле, ал жерде көптөгөн чөптүн түрү бар болчу. Тамырды кармап, дарыларды өзүнүн оорусуна жараша берген. Дары жасап, жылаандан да жасаган. Айыккан адамдардын бир тобунун көзү өтүп кетти, бирөөгө 40 күн суу ичирип, айыктырган экен. Суу менен да дарылаган. Тамырын кармап туруп, сокур ичегини билген, өпкөсүнө суук тийгенди билген. Булар доктурдун жардамы менен айыккан оорулар болгондуктан, сөзсүз түрдө кеңешин берип, аларга жөнөтчү экен. Тамырдан ооруну сезеген, өзүнчө табыпчылык касиети болгон. Бул кишинин колу тийбеген, тамыр кармап айыктырбаган жеке эле биздин айыл эмес чет жактагы, облус, республикага чейин атагы чыккан адам болгон.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы.

Мыкты макала сынагы учун.