“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Токсобаев мектебине шайланган жаш мудур

4 Ноябрь 2018 жыл 21:08
Көрүүлөрдүн саны: 150

Нарын районунун Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине шайланган 33 жаштагы мүдүрү Назира Касымбекова менен маек.

-Мен Касымбекова Назира 1985-жылы 15-январда Нарын районуна караштуу Он-Арча аылында төрөлгөм. Апам мугалим болгондуктан, апамдын жолун улап ушул кесипти тандап алгам. 2002-жылы 11-классты Жусуп Иманалиев мектебинен аяктап, 2007-жылы НМЦУнун фзика факультетин аяктагам. Ошол кезде ЖРТ тестти жаңы чыгып аткан кези болчу, ошол тесттин жыйнытгы менен бюджеттик окууга өткөм. Окуумду аяктаган соң алгачкы кеиптик иш-тажрыйбамды Бишкек шаарындагы №24 мектептен баштадым, ал эми 2010-жылы Э.Токсобаев мектебине физика мугалими болуп келдим. 2014-жылдан тарта окуу бөлүмүнун башчысы болдум.

Алган сыйлыктарыныз жонундо айта кетсениз?
-Мактоо баракчаларымдын эң алгачкысы эле Э.Токсобаев мектебинин директорунун, профсоюздан алган сыйлыктар болду, ошондой эле Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын грамотасы, окуучуларымды олмипиадага, “Интеллектуалдуу окуучу” сынагына даярдап баш байгени да камсыз кылып жүрдүк. НТС телеканалынан “Чилистен” долбооруна катышып дипломдорду алдык. Жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээсибиз. Бугүнкү күндөгү эң жогорку грамотам, министерствонун грамотасы.

НТС телеканалынын «Чилистен» долбооруна кандайча катышып калганынызды айтып берсениз?
-“Интеллектуалдуу окуучу” сынагына үч жолу барып 1-орунду камсыз кылып келдик. Ошондой эле НТС телеканалынан чакыруу келип, “Чилистен” долбооруна катышып бериниздер деди. Мен өзүмдүн окуучум, Акай Орозкожо уулу менен «Кымыз жасоочу сабааны» жасап барганбыз, ал кезде Акай студент болуп кеткен болчу. Акай экөөбүз конкурсуна барып катышып, 1-турдан өттүк, 2-тур Кыргызстанга сайт аркылуу добуш менен жарыяланды, кимдин добушу көп болсо, ошол добушту саноо аркылуу жыйынтык чыгарылмак. Ал бир жыл бою жарыяланды, кийин бир жыл откөн соң добуштардын жыйнынтыгы менен 3 упай менен баш байгени алууга жетише албай калдык. Бирок 2-орунду камсыз кылдык. 75 мин сом сыйлык жана дипломдор менен сыйландык.

-Бир мектептин директору болуп калам деп кыялданчу белениз?
-Жок, антип кыялданган эмесмин, бирок өз кесибимди сүйүп, ар андай конкурстарга катышып, талыкпаган эмгетип аркасында ушул орунга ээ болуп отурам.

Ушул даражага жетүүгө чейин кандай тоскоолдуктарды басып өттүңүз ?
-Мен өзүмдүн эмгегимдин аркасы менен жеттим десем болот, себеби жаш мугалим болуп келгенде, сабак өтүш үчүн, эрең мененки алтыга чейин даярданып, 6да уктап, 6жарымда туруп кеткен күндөрүм болду. Ар бир сабагымды даярык менен өтчүмүн. Негизи адам алдына кандай максатты коздосо дагы, ошол максатка талыкпаган эмгеги менен жетет деп олойм. Албетте, бирок жалгыз адам эч нерсе кыла албайт, менин жанымда колдоп-коштоп турган коллективим, үй-бүлөм болду.

Ийгилгиниздин сырлары менен бөлүшө кетсеңиз?
-Ийгилигимдин сырлары айтып өткөндөй эле эң башкысы талыкпаган эмгек керек. Бардыгына кылдаттык менен мамиле кылыш керек, албетте анан бир нерсени көздөсөң ошого жетүү үчүн өжөрлүк, тырышчаактык болсо эле кудайым берем десе бере берет. Мындай жолдон өтуү үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды басып өтуш керек, кээде уктабай калган күндөр болот, мына ошолордун жыйынтыгы бүгүнкү менин жемишим деп эсептейм.

Мектептин мүдүрү болгонунузга 2 ай болду, мүдур болуунун он жана терс жактарын байкай алдынызбы?
-Албетте байкай алдым, биздин коллектив өтө чон, мен чоң милдетти мойнума алдым деп эсептейм. Бул жакта эң негизгиси билим берип жаткан мугалимдерибиз күчтуү мугалимдер, кандай тапшырма берилсе дагы өз убагында аткарышат, алардан тарбия алып аткан окуучуларыбыз дагы абдан жогорку деңгээлдеги окуучулар деп айта алам. Менин эң баса белгилеп айта кетчү нерсем, мен бул коллективде иштешип аткан мугалимдеримдин өзгөчо бир сапаттары бар, бири-бирине окшошпогон, бири-биринен айырмаланып турган сапаттары бар.

-Адамдын даражасы көтөрүлгөн сайын жаман да жакшы да сөздөр айтылат эмеспи, сиздин дарегинизге кандай сөздөр тушуп атат?
-Кудай буюрса терс жатары боло элек, болбой эле койсун деп ойлойм. Бардыгы эле жакшы ойлорун айтып атышат. Иштеп кетет, ишенебиз деп эле айтып атышат. Баарынын ишин көрө билгенге аракет кылам, жаман көздөн, жаман сөздөн алыс эле бололу.

Директорлукка чейин мунозунуз кандай эле? Андан  кийин кандай болуп озгорду?
-Өзумду баамдаганыма карганда, эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Айтылат эмеспи даражан канчалык жогорулаган сайын, жонокой бол деп. Мен озум да жонокой адаммын, ошондой бойдон калгым келет.

Келечектеги пландарыныз менен болушо кетсениз?

-Биздин мектептин коомчулук менен болгон койгойлорун чечууго аракет кылабыз. 2-ноябрдан баштап биздин мектепке поровой-отопление коюлат. Эн чон маселебиз ушул эле, мектептеги жылыткычтар иштебей, суук болуп атты эле. Бул маселебиз да буюрса чечилди. Эн негизгиси окуучуларыбыз олимпиадалардан ЖРТдан жогорку балл алса деген ойдо аракеттерди кылып атабыз. Негизги максатыбыз окуучуларды бир кесиптин ээси кылып, оз ишин мыкты билген инсан катары тарбиялап чыгаруу.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы.

Мыкты макала сынагы учун.