“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөт баян:

12 Январь 2019 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны: 268

Нарын шаарындагы Курманжан Датка аталышындагы кыздар жатаканасы   2014-жылы ишке берилген. Жатаканадагы мык жана жиптен жасалган КРнын символикасы жөнүндө сүрөт баянга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

 

Нарын медициналык колледжинин экинчи курсунун студенти Айпери Замирбекова биздин кабарчыларга мыктан жазалган желек тууралуу мындайча баяндап берди.

 

Айпери эженин айтымында желек жазоого 1500-2000 сом акча сарпталган.

Ага мык, эки түстүү жип алынган жана Курманжан Датка жатаканасынын ар бир кызы 100сомдон чогултуп көмөктөшкөн. Буга дээрлик 4 күн кеткен.

Жыйынтыгында жазалган желек менен атайын Нарын шаарындагы факультетеринин ортосунда мелдеш уюштурулуп, Курманжан Датка жатаканасынын кыздары биринчилик орунга ээ болушкан.

Негизи бул жасалганын идеясы кыздар жатаканасынын орун басары болгон Аруунова Даткайым эжеге таандык.

Учурда бул эмгек кыздар жатаканасынын көзгө басар жерине илинип, кооздук тартулоодо.

Желек ортосунда сары калын жип менен оролуп, чекесине «Нарын» деген сөз жазалган.

Айпери эженин айтымында бул жасалгага окшош дагы башка кызыктуу, өзгөчө жасалга жазаарын билдирди.

Айпери Замирбекова кимден үйрөнүп жазаган, каяктан үйрөнгөндүгү тууралуу төмөндөгүдөй билдирди.

«Бул желекти жазоо идеясы Аруунова Даткайым эжеге таандык. Өзү эле үйрөнүп анан бизге үйрөткөн. Акча чогулттук, керектүү материалдарды алдык»-,дейт 2-курсттун студентти.

Даярдаган: Алиаскарова Бегимай.
Мыкты сүрөт баян конкурсуна.