“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөтбаян:Өз колдору менен картинка жасап киреше тапкан жаштар

24 Январь 2019 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 101

Учкун айылынын жашоочусу Арген Бердибеков достору менен «art картина» жасап киреше табышууда. Долбоор декабрь  айынан баштап ишке берилген жана аны төрт адам иштетүүдө. 

Амантур Дюшенбеков, Жоодар Рахатбеков,  Фархат Жумашэгулов,  Арген Бердибеков болуп «art картинаны»  кантип жасашат жана канча киреше табаары жөнүндө баяндап бермекчибиз.

 

Түзүлгөн командынын мүчөсү Учкун айылынын тургуну Арген Бердибеков бизге төмөнкүдөй кеп салды:

«Бул долбоордун максаты биринчиден өзүбүзгө пайдалуу нерсе үйрөнүү, киреше табуу жана элдерге эмоция тартуулоо деп эсептейбиз. Эмоция дегенибиз жакындарга белек берип кубандыруу»-деди ал.

 

«Негизги идея интернеттен,  Россия өлкөсүндө «art картинка» жасайт экенин көрүп,буйрутма беребиз деп жатканда, өзүбүз жасап көрсөкчү деген ой келип, жасап калдык»-, деди.

«Эң алгач ишке берип,  эң биринчи буйрутманы жиберип жыйынтыгын көргөндө өтө кубандык. Дагы да иштегибиз келди»

«Албетте жаңы ишти баштаганда өтө оор болду. Себеби бул ишти эч качан көргөн да эмеспиз. Эң барынан адамдын сөлөкөтүн чийип окшоштуруу оор. Калганы азырынча оорчулук жарата элек»

Керектүү жабдыктарды алуу үчүн 40миң сомдун тегерегинде акча сарпталган.

Аны менен бирге даяр болгон картинаны жеткирүү акысыз.

 «Элдин кызыгуусу албетте жакшы болду. Мындай долбоорлор аз болгондуктан эл абдан кызыгышты деп ойлойм»

Бир картина көлөмүнө жана адамдын санына жараша эки миң сомдон жогору эсептелет.

Сүрөт тартыла турган атайын рамкада жайгашкан холст, өзү чаптала турган плёнка, боёктор жана кисть керектелет. Даярдоо үчүн компьютер жана кесүүчү плюттер зарыл.

Көбүнчө Амантур менен Жоодар компьютерден сөлөкөттү тартышаарын. Аны чыгарып, калган жумуш Арген менен Фархаттын милдети экендигин айтып берди.

Бир картинаны 3-4саатта жасап бүтүрүшөт.

«Ата-энелерибиз, байкелерибиз, эжелерибиз жана ошондой эле досторубуз да чоң жардам беришти. Бардыгына ыраазыбыз»

Алдыдагы эң негизги пландарыбыздын бири ушул баштаган долбоордун аягына ийгиликтүү бүтүрүү.

Даярдаган: Бегимай Алиаскарова.