“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Маек: 2 курстун студенди Бүбүсина Нурбекованын ийгилиги

24 Март 2019 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны: 62

Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебин 2017-жылы аяктаган Бүбүсүна Нурбекова учурда өз кол эмгегинен жаралган түрдүү кооздуктарды жасап, инстаграм баракчасына жайгаштырып киреше табууда.

Бүбүсүна Нурбекова Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекетик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенти.

Хоббиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Мен бир нерсенин сүрөттүн көрүп калсам ошол нерсени сөзсүз жасаганга аракет кылам. Кээде өзүмө пайда бере турган, адамдардын жашоосун чагылдырган кинолорду көргөндү жактырам. Кээде кааласам китептерди окуйм. Аял затына, кыз кишинин жашоодогу орду жөнүңдө китептерди окуганды жактырам.
Кооздуктарды жасоону кимден үйрөнгөнсүз?
— Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан берген Бактыгүл Айдакеева эжеден үйрөнчүбүз. Андан тышкары апамдан үйрөнчүмүн. Ал эми азыр болсо жасай турган нерселеримди интернеттен карайм, youtube дан видеолорун көрөм. Ошондой эле учурда сабак берип жаткан мугалимдерден үйрөнөм.
Кандай жасалга, кооздуктарды жасай аласыз?
— Баштаганда эле кагаздан жасап баштагам. Кагаздын көп түрлөрү болот. Алардын ылайыгына жараша ар кандай гүлдөрдү жасайм. Окуумдан кожадан ключницаларды, сумка башка нерселерди жасаганды үйрондүк. Аны менен бирге жиптен сөйкөлөрдү сумкаларды, колго тагууга ыңгайлуу кооздуктарды түйүп жасайм.

Инстаграмдагы баракчаңыз тууралуу айта кетсеңиз?Эмне болуп ачып калдыңыз?
— Инстаграм почтамдын ачылганына бир жыл болуп калды. Ал нерсени көп жылдан бери эле ойлоп жүргөм. Өзүм жасаган нерселеримди жүктөп киргизсем, аны элдер көрсө, үйрөнөм деп сурашса, үйрөтсөм дечумун. Же болбосо жагып калса буйрутма беришсе жасап берейин деген максат менен ачылган.


  1. Ар бир жасалганы канча сомдон сатасыз?
    — Так баалары айтылбайт. Анткени адамдардын каалоосуна жараша. Кээ бири сүрөттүн алып келишет. Ушундай кылып жасап бересизби деп. Жыйынтыгында ал нерсенин кеткен чыгымына жараша баалары коюлат.
    Бир жасалганы жасоого канча убакыт талап кылынат?
    — Жасалгалар түрлөрүнө жараша ар түрдүү убакытты талап кылат. Мисалы чоң букетти өзүм жасайм десем, башынан аягына чейин эки күн кетет.
    Сизге ким жардам берип, колдоп турат?
    — Башынан эле өзүм жасап көнүп калгандыктан. Көпчүлүк учурда өзүм жасайм. Анткени бирөөлөрдүн жасап же жардам беришин көп каалабайм, жактыра бербейм. Мисалы жаңы нерсени үйрөнүп аткан болсом, үйрөтүп жаткан кишиден гана жардам сурайм. Сөзсүз ийгиикке жетүудө колдоп турган адамдарын болушу керек. Алар менин атa-энем. Мага акча-каражат жагынан жардам беришет. Керектуу материалдарды сатып беришет. Эч качан алар мени тыйбайт. Аны жасабай эле кой, муну кылбай эле кой дешпейт. Тескерисинче аябай колдошот. Азыр жашап жаткан туугандарым дагы колдоо беришет. Мисалы сабагыңды окуу, тарта турган сүрөтүңдү тарт, жасай турган нерселериңди жаса деп турушат.
    Сиздин дарегиңизге каршы пикирлер айтылган учурлар кездешиби?
    — Ооба, болот. Себеби кээде түн ортосуна чейин калып жасап калсам. “ Убара болуп кыйналгандан көрө, жасабай эле кой” деп айткандар болот. Бирок бул менин кызыгуум жасагым келсе түн отосуна болсо да, таң аткыча болобу жасайм.
    Келечектеги пландарыңыз тууралуу бөлүшүп кетсеңиз?
    — Өзүм жасаган нерселеримди өркүндөткүм келет. Кол өнөрчүлүктүн башка тармактарын үйрөнүунү пландап жатам. Эгер колдон келсе мектеп окуучуларына, бала бакчадагы балдарга үйрөтө турган кружок ачсам деген максаттарым бар.

Даярдаган: Бегимай Алиаскарова