“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Айылдын чыккан алп зергер

25 Март 2019 жыл 15:55
Көрүүлөрдүн саны: 232

Нарын районунун Учкун айылынын 24 жаштагы тургуну ар турдүү металлдар, таштар менен кооздук буюмдарын жасайт. Бул кесип менен сегиз жылдан бери алектенет. Сөйкө, шакектердин ою чиймелерин өзү ойлоп табат.

Данияр Анарбек уулу металлдардан, алтын, күмүш жана асыл таштардан сөйкө, шакек сыяктуу кооздук буюмдарды жасайт. Идеяны өзү ойлоп табат. Бул кесип менен ал жети жылдан бери алектенет.

“Окуп жүргөндө оюларды жакшы тартчумун, байкемдин түрткүсү менен зергерчиликке кызыгып калгам. 11-классты бүткөндө С.Чокморов атындагы “Зергер, модельер, дизайнер” жагын бүткөм».

Сөйкө, шакектерди алтын, күмүш, латина жана таштан жасайт. Бир сөйкө шакекти жасоого төрт саат убактысы кетет. Сөйкө, шакектин баасы кандай металлдан жасалганына жараша 1700 сомдон 7500 сомго чейин барат.

“Алтын жана күмүш менен иштөө аябай кылдаттыкты талап кылат. Аларды ысытканда териге жабыштырып албоо үчун өтө этият болуу керек. Көбүнчө заказдар аял затынан түшөт. Кээде заказтар такыр келбей калса, кээде тынымсыз келип турат. Буюмдарды жасоого керек болгон материалдарды базардан алам. Сегиз жылдан бери болжолдуу 2 кг жакын сөйкө, шакектерди жасадым”.

Келечекте чакан цехин кеңейтип өзүнүн брендин ачуу Данияр Анарбек уулунун оюнда бар.

Даярдаган: Жанара Баялиева.