“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун:Алкоголь ичимдиктерине тыюу салуу демилгеси

31 Март 2019 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 125

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында жалысынан жети дүкөн иштейт. Анын экөөсүндө ичимдик сатылбай калган. Жылдын башында айылдагы жаштар, депутаттар, айыл аксакалдары демилге кылып башташкан.

Демилгенин келип чыгыш себеби:
“ Азыр айылда ичип кеткен адамдар көп болуп кетти. Бизге күндүз, көбүнчө түнкүсүн балдары чалат, “апам” же “атам” тынчтык бербей атат деп. Арак маселеси боюнча аябай кыйналдык. Балдарынын ыйлап атканын көрсөн аябай эле кейиштүү. Ошол себептен айылдын аттуу-баштуу адамдарын чогултуп , эжелерди, жеңелерди, аксакалдарды чогултуп жыйын өткөрдүк. Ичкен адамдарды да атайын алдыртып келик. Элдин алдында убадаларын алдык, ичпейбиз дешти”,-деп билдирди айыл башчы Жумакадыр Исмаилов.

Дүкөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бирок алардын уруксат кагазы, патенттери болгондуктан таптакыр жоюуп салуу мүмкүн болбой жаткандыгын айтып өттү.
Ичимдик тамеки насвай саткан дүкөнчүлөр башка дүкөндөр сатпай койсо эле биз да сатпайбыз деген ойлорун айтышты.

Ал эми дүкөнүн төрт жылдан бери иштетип келген Жаркынай Мусабаева демилгеге каршы эмес.

 

“ Жыл жаңырганы менен ичимдик, тамеки деле өтпөй калды. Эгерде Учкундун бардык дүкөндөру сатпаса биз деле сатпай коёбуз дегенбиз. Мен мектеп окуучуларына сатпайм. Өзүлөрүнөн деле сурасаңар айтат, кайсы магазин сатат экенин. Билем мектеп окуучулары кимдер экенин. Ал эми 18 жаштан өткөн студенттер алып эле жүрүшөт”
Айылда жети дүкөндүн экөөсү ичимдик сатпай калышкан. Анын бири соодасын башкатаганда эле ичимдиктерди сатпай баштаса, бири демилге көтөрүлгөндө сатпай калышкан.

Ырыскүл Азыкбаева:

“ Дүкөнду иштеткениме жети жыл болду. Соодады ичимдиксиз эле ачкам. Кирешеси жакшы. Эч кандай банкроттко дуушар болгон жокмун. Башка дүкөнчүлөргө да айтат элем сатпай эле коюшса жакшы болмок. Ичимдик аз болсо айылбыз да тынч болоор эле. Канчалаган үй-бүлөөлөр ичип кетишип балдары каралбай калып жатышат. Ичпей калышса аябай жакшы болмок”

Тургундар демилгени колдойт.


“Учкунда ичкендер көбөйүп атат. Саткандарга каршымын. Керек болсо жаап койсо болот. Дүкөнчүлөр өзүлөрүнүн кызыкчылы үчүн ойлоп жатышат. Алар элдин канчоосу ичип алып көчөдө жатканын ойлогон жок да. Мисал үчүн Ырыскүл эженин дүкөнүндө ичимдик жок. Ансыз эле соода кылып жатат. Соодасы жүрүшпөй калат деген ойдон алыс болуш керек” ,–деди айыл тургуну Таалайбек Курманбеков.

“Ичкилик жаман жакка гана алып барат. Дүкөнчүлөр сатпай коюшса жакшы болмок. Балдарымды аракка жумшабайм. Сатпай коюшса жакшы болмок. Эл да ичпей калат эле” –деди Учкун айылынын тургуну Дүйшөнбай Жунушов.

“Демилгеге эми ар бир кишинин өзүнүн иши өзүнө да. Чоң кишилер ичсе ичти, ичпесе жок да. Азыр мурункудай көп ичпейт. Балдарга сатышпайт. Чоңдор алышат. Анча көп деле сатып албай калышты. Демилге көтөрүлгөндөн тартта ичкен киши азайды”,-деп билдирди Ширин Акунова.


Демилгенин катышуучусу сатып алган арактарын кайра сатып , соодасын жүргүзүп жаткан “Каникей” дүкөнү төмөнкүдөй оюн билдирди:


“ Жаман тамдын бурчуна отуруп алып арак ичкен жакшы эмес.Эл жакшы болсо баары жакшы болот. Дүкөнүбүздү Совет мезгили тарагандан тарта эле, 1992-жылдан бери иштетип келебиз. Биз арак сатпай атабыз. Эл оңолсун деп. Дүкөндөгү арактын баарын кайра өткөзүп салдык. Андан бери ичимдик сурап эч ким да келбей калды. Жаныбызга да тынч болот экен. Башка дүкөндөр да ичимдик сатпай калса жакшы болмок. Кээ бирөө колдойт, кээ бири ичимдик сатпай койсок соодабыз жүрушпөй калат дешет. Кишинин баары бирдей эмес”- дейт демилгенин катышуучусу Жусупова Сымбатбүбү.

“Теңир-Тоо” дүкөнү.
“ Демилгеге көз карашым туура. Арак ичип абийир кетиргенден көрө ичпей койгон жакшы. Дүкөнгө деле киши кирбей калды. Мага 1-4-класска чейинки окуучулар киришет. Алардын деле акчасы жок. Мектеп окуучулары арак ичпесе кайдан сатмак элек. Кичинекей балдар эле кукси , сагыз алшат. Соода деле жок. Завод жок, фабрика жок. Мал сатышат ага анча-мынча соода кылышат. Пенсионерлер, мугалимдер, бала-бакчада иштегендер Нарындан соода кылышат. Кокусунан тузу түгөнүп калса эле кирип соода кылбаса. Киши жок, күндө отурабыз дүкөндү кайтарып.”- деди Жаркын эже.

Мектеп окуучуларына ичимдик сатыларын тургуну Таалайбек Курманбеков баяндады:
“Бая күнү мектептин төрт окуучусу 20 сом мага берип насвай алып берип коюңузчу дешет. Мен өзүм насвай чегем. Бизге сатпай атат дешип мага алдырталы дешкен экен. Кээде жаш балдар эле ичимдик алып жүрүшөт «Теңир-Тоо” деген дүкөндөн. Көп эле көрөм”

Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучусу Камчыбек Жеңишбек уулунун айтымында:
“Биздин айылда күндүзү бардык дүкөндөрдө ичимдик, насвай берилет. Кечкисин 19:00дө сатпай калышат. Ата-энебиз той майрам болуп калганда магазинге жөнөтөт Башка учурда өзүлөрү эле алат. Теңир-тоо магазининен мектеп окуучулары мектепти бүткөндөр бүт эле алышат. Кээ бир учурларды бизден улуулар туулган күндөрүндө алдыртышат”,-деди мектеп окуучусу.

Ошондой эле Нурзада Алманбет кызы “ата-энем мени ичимдик, тамекиге жөнөтпөйт” деди
“Кичинекей кезде бардык магазин сата берчү. Үйдөгүлөр акча берип анан сатып келчүмүн. Азыр мыйзам киргизилгенден бери магазиндерден андайларды сатып ала элекмин. Алса атам өзү алат. Бизге дагы жакшы болду. Жашың жетпейт деп бербейт”,-дейт Нурзада.

Даярдаган: Бегимай Алиаскарова.