“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Элеттин эмгекчил айымдары

16 Октябрь 2019 жыл 20:39
Көрүүлөрдүн саны: 326

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2556мин  калк жашайт, анын 45%ын аялдар түзөт. Көбүнчө айымдар сүт азыктарын сатуу жана иштетүү аркылуу акча табышат. Бул макалабызда айыл жергесиндеги аялдар эмне менен алек болот? деген суроого кенен жооп бермекчибиз.

Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов:

-Айылыбызда 609 түтүн жашайт, анын  45%ын айымдар түзөт. Бул жакта жумуш жок болгондуктан, көбүнчөсү тоого барып сүт азыктарынан курут ж.б даамдарды жасап сатышат. Айылдагы бизнестин бир түрү ушул десек болот.

Учкун айылынын32-жаштагы тургуну Гүлнара Жунушбекова өз күчү менен тигуучу цех ачып 3 жылдан бери келиндерди жумуш менен камсыздап келет.

-Учурда 12 кийим тигүүчү машинебиз бар. Кройлорду Бишкектен алдыртып атайын келишим менен жылга жараша кийимдерди тигип шаарга жөнөтүп турабыз. Башында тигүүну билбей келегендерди үйрөткөнбуз. Учурда 13 айымды жумуш менен камсыздап жатам. Бул аз да болсо айылдагы жумушсуздукту азайтып, бир топ эле жакшы болду.

Гүлнаранын айтымында өзү тигүүчү болуп иштеп жүргөндө оюна тигүү цехин ачуу келип, жолдошу экөө биргеликте бул ишти башташкан. Анын айтымында башында бир тигүүчү машине менен ишин баштап, кийин анын саны 13го жетти.

Учкун айылынын тургуну Элизат Самсалиева 38-жашта. 7-жылдан бери шырдак жана кийизден  ар түрдүү буюмдарды жасап иштейт.

-Нарын шаарындагы «Кыргыз уз» уюму менен биргеликте айына 15тен кем эмес шырдак жасап аларга берем, андан соң чет мамлекеттерге шырдактар тарайт. Учурда 15 келинди иш менен камсыздайм.

Учкун мультимедиа борборунун кабарчысы Жанара Баялиева Internews жана ПООЖ «Мутакалим» менен биргеликте уюштурулган  «Лидер аялдар» тренингине катышып, Ош облусунун айылдарындагы ишкер аялдардын иши менен таанышып келген.

Араван районунундагы аялдар кобунчо тигуу цехтерин ачышып, кыз-келиндерди жумуш менен камсыздашат. «Мутакалим» аялдар коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын жардамы менен бир нече тигуу цехтери ачылган. Араванда «Аялдардын укугуна» озгочо конул болунуп, ар кандай озун онуктуруучу тренигдер да отуп турат.

Алардын айтымында кыз-келиндер озун чектебей окууга, иштоого, жашоодо оз максаттарына жетууго ачык аракет кылуусу керек деп айтышат. Ошондой эле  кыздарды кол онорчулукко, ишмерлуулукко уйротуу максатында «Кыздардын себин» камдоочу айтайын уюм Ноокат районунда да иштейт.

Даярдаган: Жанара Баялиева.