“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: «Бөрүдөй тайманбастардын оюну өткөрүлдү»

1 Декабрь 2020 жыл 19:48
Көрүүлөрдүн саны: 124

Нарын районуна караштуу Учкун айылында улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюнга жалпы 4 тайпа катышкан. Уюштуруучулар, айыл жаштарынын айтымында бул оюндун максаты жаштардын ынтымагын бекемдөө.

Улак тартыш оюну бул айылда жыл сайын өткөрүлүп келүүчү саамалык. Бирок акыркы убактарда, оюн өткөрүлчү жердин жоктугу жана даяр эместигинен улам токтоп калган болчу.

“Айыл жаштары көк бөрү оюнуна абдан кызыгышат. Бирок атайын оюн өткөрүлчү жер даяр эмес болуп, токтоп келген. Азыр оюн өтчү аянтчаны жаштар өз каражатыбыз жана эмгегибиз менен оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк эле. Мынтип бүгүн оюнду уюштурдук”, — дейт Темир Мамеков.

Оюнга чейин командалар катталуудан өтүп жатышат.

Оюнга жалпы айыл жаштары биригип 4 команда катышты. Командалардын катышуусуна чек коюлган эмес. Бул жолку оюндун жеңүүчүсү деп “Кыраандар” тайпасы табылды.

“Улак тартыш оюнуна абдан кызыгам, команданын мүчөлөрү да ошондой. Ошол себептен биздин команда утуп чыкты деп эсептейм. Негизи атаандаш топтор да абдан күчтүү экен, бир топ эле тиреш болду окшойт. Чынын айтсам, бүгүн бөрүдөй тайманбастардын оюну өткөрүлдү”, — дейт Нурак Оки уулу.

Көк бөрүгө улакты дардап, оюнчулар аянтка бет алышты.

Айыл тургундары да бул оюндун уюштурулушун колдоого алышкан. Алар атайын каражат топтоп бул оюнга кубок алып беришкен. Оюндун салты боюнча, көк бөрү бүтөөр маалда улак тартылып, белгилүү бир үй-бүлөнүн короосуна ыргытылат. Ал үйдүн ээси кийинки оюнга деп бир улак энчилейт.

“Оюн бүткөн соң улак ташталган үй-бүлө оюнчуларга энчи берет. Ал кийинки оюндун болушун камсыз кылат. Ушул эле айыл тургундарынын эң чоң колдоосу. Мындан тышкары да моралдык жактан колдоо көрсөтүп турабыз”, — дейт айыл тургуну Нурсултан Асанбеков

Көк бөрү оюну кызуу жүрүп жаткан мезгили. Эсеп: Кыраандар- 7, «Алга» — 2

Бирок ага карабай, айылдын айрым жашоочуралы көк бөрү оюну өтүп жатканда тынчсызданаарын белгилешти. Анткени, оюндун жүрүшүндө катышуучулар жаркат алып, көчөдөн кичинекей балдарга зыян болуп калабы деп кооптонушат.

“Чынын айтсам, баламды ушул оюнга барбай эле койчу дейм. Себеби, жаракат алып келет кээде. Ал болсо укпайт да оюндун кызуусуна берилген неме. Көчөдөн да этят болгула дейм. Бирөөнүн баласын тебелеп кетип же зыян берип алса жаман да”, — дейт айыл тургуну Мээрим Кожомкулова.

Ал эми уюштуруучулар бул ойго макул эмес, себеби оюндар атайын аянтчада гана өткөрүлөт деп белгилешти.

«Учкун жаштары» уюштуруу тобунун оюнга даярдыгы.

Белгилей кетсек, көк бөрү кыргыздын улуттук оюну. Улакты тай казанга салуу 1996-жылдын аягында киргизилген. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан. Улак тартыш футболдукундай узундугу 200 метр, туурасы 60-70 метр аралыктагы аянтта ойнолот.

 

Найзабек Мукамбетов

Гүлзар Казиева