“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы «Манас» эпосунун күнү

4 Декабрь 2020 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 401

Учкун айылында жана Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде 4-декабрь «Манас эпосунун күнүнө» карата иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын уюштуруучусу айылдык маданий үйү жана китепкананын кызматкерлери. Алардын эң негизги максаты «Манас» эпосунун баалуулуктарын жайылтуу.

Айылдык маданият үйү жана китепкананын кызматкерлери мектепте иш чара өткөрүп жатышат.

Чоро Кожомжаров атындагы маданий үйү жана айылдык китепкана кызматкерлери бир катар иш чараларды уюштурушту. Алар айылдык жашоочуларга «Манас» эпосу тууралуу суроолорду берип, тургундардын эпостун баалуулугу жана жайылуусу тууралуу пикирлерин сурашты.

«Учурда өлкө боюнча улуттук баалуулутар бир аз четте калып жаткандай туюлууда. Мисалы, «Манас» эпосун алып карасак болот. Ошол эле жаштар болобу, улуу муун болобу маалыматы жоктой. Мисалы, китепканадан деле кызыгып китеп алып окуган балдар жокко эсе. Бирин-экин эле балдар кыздар кайрылат», — деп белгилеп өттү айылдык кытепканачы эже Гүлнара Жунушбекова.

Көчөдөгү айыл тургундарына «Манас» эпосу тууралуу суроо берип жатышат.

Мындан тышкары, уюштуруучулар КТРКнын «Манас Таануу» долбооруна катышып жаткан Гүлмира Жумагулова менен анын «Шер Баян» тобуна да жолугуп кайтышты. Маданий үйүнүн кызматкери Мээрим Кожомкулованын айтымында, мугалим эже жана окуучулар Учкун айылнын жүзү болуп эсептелет.

«Биз балдар менен аябай сыймыктанабыз. Себеби, алар «Манас» эпосун жайылтууда ат көтөргүс салымдарын кошуп жатышат. Республикалык денгээлде баш байгени алып келишүүдө. Бул күнү сөзсүз түрдө эже менен окуучуларга келип, аларды манас эпосунун күнү менен куттукташыбыз керек да»,- деген оюн билдилди Мээрим Кожомкулова.

Кызматкерлер «Манас таануу» сынагына даярданып жаткан Гүлмира Жумагулова менен жолугушту.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлмира Жумагулова «Манас Таануу» сынагына көп жылдан бери балдарды даярдап жүрөт. Ал 2017-жылы «Нур Баян» деген тайпа даярдап Республикалык денгээлде баш байгеге ээ болгон. Мындан тышкары Гүлмира Жумагулова даярдаган тайпалар ар жылы Республикада байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт.

«Биздин эң негизги максатыбыз «Манас» эпосунун маңызын түшүнүү, улуттук баалуулук менен балдарды сугаруу болуп эсептелет. Балдарга эң биринчи ирээте тарбия берип, пайдубалын түптөө керек. Ал эми «Манас» эпосунда андай бекем пайдубал болуп берчү нерселер өтө көп. Ал эми “Манас” ааламы чексиз», — дейт Гүлмира Жумагулова.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими манас эпосу тууралуу өз оюн айтып жатат.

Окуучу балдар болсо карантин учуруна карабай «Манас» эпосун окуп жатышат. Алардын айтымында жаштар жана мектеп окуучулары эпос тууралуу көп нерсе билишет. Себеби, кыргыз адабиятынан «Манас» эпосунун ар түрдүү варианттары тууралуу сабактар өтүлөт.

Гүлмира Жумагулованын «Манас таануу» сынагына катышып келгендеги сыйлыктары.

«Менин оюмча жаштар мектеп окуучулары эпос тууралуу көп маалымат билишет. Сабактан да эпостун сюжети, каармандары жана манасчылардын варианттары тууралуу темалар өтүлөт. Андын тышкары «Манас тануу» ийрими бар. Бул ийримге ар бир каалаган бала келип катыша алат», — деп белгиледи Зарина Рысбек кызы.

«Манас маануу» ийримиин катышуучусу манас айтып жатат

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Манас эпосунун күнү» 4-декабрда майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

Ак-Талаада мектеп окуучулары арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү
Найзабек Мукамбетов